Ош шаарынын мэриясы административдик кызмат орундарынын улук
жана кенже топторунун кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак
жарыялайт
1. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу.
Кесиптик билиминин деңгээли:
— жогорку же болбосо орто кесиптик билим (багытына талап коюлбайт);
— иш стажына талаптар коюлбайт.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын
Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат
жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы.
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик
жана же расмий тилди билүүсү.
Билгичтиги:
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу
даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо
жана аны практикалык иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
-командада иштөө.
Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада
колдонуу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык
продуктуларды колдоно билүү.
2. Административдик кызмат орундарынын улук тобу.
Кесиптик билиминин деңгээли:
— жогорку билим (багытына талап коюлбайт);
— жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык
кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын
Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик
жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын
кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актылары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”),
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү
боюнча типтүү нускама.
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик
жана же расмий тилди билүүсү.
Билгичтиги:
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-аналитикалык документтерди даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо
жана практикада колдонуу;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
-эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
Көндүмдөр:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада
колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык
продуктуларды колдоно билүү.
Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди
конкурстук комиссияга тапшырышы зарыл:
1. Конкурстук комиссиянын төрагасынын наамына талапкердин жеке арызы
(муниципалдык кызмат ордунун тобун көрсөтүү менен);
2. Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен)
3. Кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы;
4. Сүрөт 4х6;
5. Паспортунун көчүрмөсү жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн
көчүрмөсү;
6. Аскердик билетинин көчүрмөсү;
7. Өмүр баян (өз колу менен жазылган, соттолгондугу жана соттолбогондугу
тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
8. Эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) жана билими тууралуу
документтеринин нотариус аркылуу же акыркы иштеген жеринен
күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
Сынакка катышуу үчүн жогорудагы документтерди 2023-жылдын
4-сентябры саат 17:30 га чейин Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу-кадрдык
иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө тапшыруу зарыл.
 Эскертүү: биометрикалык паспорт ээлеринен Ош шаардык
паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнөн маалымкат талап кылыныт.
 Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынан соттуулугу
тууралуу маалымкат талап кылынбайт.
 Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн талапкерлердин
документтери бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык келген
талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары
жана электрон дареги так көрсөтүлүшү керек.
Дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү 221, кошумча маалымат алуу үчүн
байланыш телефондору: (03222) 5-50-79, 5-54-59.