Панфилов райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция
башкармалыгы улук жана кенже кызмат орундарын элөөгө кадрдык
резервке кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт:
Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга
жооп бериши керек
Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
-жогорку билим: гуманитардык, социалдык, табигый илимдер, техникалык, мугалимдик
кесиптер, экономика жана башкаруу;
-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү
кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
— жогорку билим; гуманитардык, социалдык, табигый илимдер, техникалык, мугалимдик
кесиптер, экономика жана башкаруу;
— иш стажы талап кылынбайт.
Улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесстик
тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
«Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
«Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
«Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому
менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн:
«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
«Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнундө Кодекси
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы;
Кенже административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесстик
тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
«Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому
менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн:
«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнундө Кодекси
«Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:
жеке арызы;
резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны (сот жообуна
тартылбагандыгы жөнүндө маалымдама);
негизги жана кошумча билимин ырастоочу документтерин мамлекеттик нотариус же
акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы
иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтеринин (бар
болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн
көчүрмөлөрү;
паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт)
Документтерди 2024-жылдын 5-ноябрь айынын — 20- ноябрына чейин саат 8.30-
17.30 чейин кабыл алынат.
Кайынды шаары, Садовая №7 көчөсү, Панфилов райондук эмгек,социалдык
камсыздоо жана миграция башкармалыгына тапшырылууга тийиш.
Сурап билүү байланыш номер: 0(3137) 51-2-45, 51-9-81