Панфилов райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы улук кызмат орундарын элөөгө кадрдык резервке кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт:
Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек
Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
– жогорку билим: гуманитардык, социалдык, табигый илимдер, техникалык, мугалимдик кесиптер, экономика жана башкаруу;
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесстик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн:
• «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
• «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
• Кыргыз Республикасынын Балдар жөнундө Кодекси
Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:
• жеке арызы;
• резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны (сот жообуна тартылбагандыгы жөнүндө маалымдама);
• негизги жана кошумча билимин ырастоочу документтерин мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
• эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
• илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтеринин (бар болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
• паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт)

Документтерди 2026-жылдын 2-марта тартып, 9-мартына чейин
саат 8.30-17.30 чейин кабыл алынат.
Кайынды шаары, Садовая №7 көчөсү, Панфилов райондук эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына тапшырылууга тийиш.
Сурап билүү байланыш номер: 0(3137) 51-2-45, 60-79-75