1. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

– жогорку билим;

– жалпысынан 1 (бир) жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 (үч) жылдан кем эмес иш стажы;

 

  1. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер КЕРЕКТЕЛЕТ:

 

– өтүнмө (электрондук түрдө https://kyzmat.gov.kg порталы аркылуу берилет);

– кесиптик жогорку билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча – эгерде бар болсо), анын ичинде тиркемелери менен;

– эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары менен;

– илимий даража же илимий наамы бар экендиги жөнүндө документ (эгерде бар болсо);

– квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгерде бар болсо);

 

Конкурска катышууну каалаган талапкерлер https://kyzmat.gov.kg мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу:

– электрондук форматта өтүнмө берет;

– Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун ырастайт;

– мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген антикоррупциялык чектөөлөрдү кабыл алууну ырастайт.

 

Өтүнмөгө электрондук форматтагы документтер (түп нускадагы документтердин сканерленген варианты) тиркелет.

 

Көңул буруңуздар:

Өтүнмө берүү мөөнөтү аяктаган күнгө чейин өтүнмөгө сканерлеп тиркелүүчү документтердин тизмеги жана аларга карата талаптар тууралуу төмөнкү шилтеме аркылуу өтүп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин расмий сайтынан таанышып чыгыңыздар: https://mkk.gov.kg/о-перечне-документов-необходимых-для/

 

Административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобуна ачык конкурска катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү ченемдик укуктук актыларды билүүсү зарыл:

  1. I. Жалпы мыйзамдар.
  2. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  3. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамы.
  4. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  5. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  6. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  7. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  9. Предметтик тест үчүн мыйзамдар.
  10. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы.
  11. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги N27 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы.
  12. Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы N59 “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси”.
  13. 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси.
  14. Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Мыйзамы.
  15. КР 2004-жылдын 17-июлундагы № 91 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Мыйзамы.
  16. Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы.
  17. КР 2001-жылдын 19-декабрындагы № 111 “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Мыйзамы.

 

 

Электрондук форматта өтүнмө берүүнүн акыркы мөөнөтү:

2026 – жылдын   29-май күнү саат 15-00.

 

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн дарек:

720400, Раззаков шаары, И.Раззаков көчөсү – 21, Раззаков шаарынын мэриясы.

Байланыш телефону: 5-00-85;   5-02-44.