Раззаков шаарынын мэриясы башкы жана улук административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт

Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

Аппарат жетекчи:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  • “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • ” Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марты № 120  токтому менен бекитилгенКыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыййзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Ички жер которуу жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамы;
  • “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” Жобосу;
  • “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө” Жобосу.

– Билгичтиги:

– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

– түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

– кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

– алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

– өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

Көндүмдөрү:

– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

– түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

– компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

Жалпы блок

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

Башкы адис – уюштуруу иштери боюнча (1 штаттык бирдик):

– жогорку билим – Финансылык экономикалык багыттары боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика багыттары боюнча.

Айыл чарба жерлери боюнча башкы адис (1 штаттык бирдик):

– жогорку билим – Геодезия жана жерге жайгаштыруу, Архитектура жана курулуш адистиктери боюнча, Юриспруденция, Финансылык экономикалык багыттары боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Техникалык, Айыл чарба  багыттары боюнча.

Курулуш, комуналдык суу чарба жана Өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис (1 штаттык бирдик):

– жогорку билим – Техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология адистиктери боюнча, Геодезия жана жерге жайгаштыруу, Архитектура жана курулуш адистиктери, Техникалык, Экологиялык багыттары боюнча.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө » Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергилик-түү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”
  • Кыргыз Республикасынын Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө

 

Экономикалык блок

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

Финансылык экономикалык бөлүмүнүн башчысы (1штаттык бирдик):

– жогорку билим – Финансылык экономикалык багыттары боюнча.

Башкы адис – бухгалтер-кассир (1штаттык бирдик):

– жогорку билим – Финансылык экономикалык багыттары боюнча

Салыктар боюнча башкы адис (1 штаттык бирдик):

– жогорку билим – Финансылык экономикалык багыттары боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Айыл чарба боюнча.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө » Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергилик-түү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы.

 

 Социалдык блок

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

Социалдык коргоо маселелери боюнча башкы адис (1 штаттык бирдик):

– жогорку билим – Социалдык иштер адистиги боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция,  Гуманитардык, Педагогикалык, Табигый илимдер.

Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт  боюнча башкы адис  (1 штаттык бирдик):

– жогорку билим – Дене тарбия маданияты, Жаштар менен иштөөнү уюштуруу адистиктери боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык,   Гуманитардык, Табигый илимдер тармактарында.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө » Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергилик-түү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыййзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” Мыйзамы.
  • Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы.

 Билгичтиги:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
  • – Көндүмдөрү:
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер КЕРЕКТЕЛЕТ:

– өтүнмө (электрондук түрдө https://kyzmat.gov.kg порталы аркылуу берилет);

– кесиптик жогорку билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча – эгерде бар болсо), анын ичинде тиркемелери менен;

– эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары менен;

– илимий даража же илимий наамы бар экендиги жөнүндө документ (эгерде бар болсо);

– квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгерде бар болсо).

Конкурска катышууну каалаган талапкерлер https://kyzmat.gov.kg мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу:

– электрондук форматта өтүнмө берет;

– Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун ырастайт;

– мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген антикоррупциялык чектөөлөрдү кабыл алууну ырастайт.

Өтүнмөгө электрондук форматтагы документтер (түп нускадагы документтердин сканерленген варианты) тиркелет.

Көңүл буруңуздар:

Өтүнмө берүү мөөнөтү аяктаган күнгө чейин өтүнмөгө сканерлеп тиркелүүчү документтердин тизмеги жана аларга карата талаптар тууралуу төмөнкү шилтеме аркылуу өтүп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин расмий сайтынан таанышып чыгыңыздар: https://mkk.gov.kg/о-перечне-документов-необходимых-для/

 

Электрондук форматта өтүнмө берүүнүн акыркы мөөнөтү:

2026-жылдын 17-июль күнү саат 17-00.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн дарек:

720400, Баткен облусу, Лейлек району, Раззаков шаары, И.Раззаков көчөсү – 21, Раззаков шаарынын мэриясы.

Байланыш тел.: 5-00-85; 5-02-44.

wpChatIcon
wpChatIcon