“Санарип аймак” тутуму боюнча кеңешме болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын                        14-декабрындагы №2 токтому менен бекитилген “2019-2023-жылдарга Санариптик Кыргызстан Концепциясы боюнча” Жол картасынын 74-пунктуна ылайык, Агенттикке  Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык тутумун киргизүү тапшырылган.

Бүгүнкү күнгө карата, республика боюнча “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык тутумуна жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары туташтырылып, иштеп жатат. Ал эми аталган тутумду толтууру мезгилинде жаралып жаткан орчундуу көйгөйлөрдү чечүү максатында, 2021-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекетти кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен келишим түзөн 8 мамлекеттик мекеме өкүлдөрү менен кеңешме болуп өтүү. Кеңешмеде аталган маселе боюнча бир топ сунуштар айтылып, алдыдагы пландар талкууланды.

Состоялось совещание по системе «Санарип аймак»               В соответствии с пунктом 74 Дорожной карты «по реализации Концепции цифровой транформации «Цифровой Кыргызстан 2019-2023», утвержденной Советом Безопасности Кыргызской Республики 14 декабря 2018 года №2, Агентством было поручено внедрить автоматизированную информационную систему «Санарип аймак» органам местного самоуправления Кыргызской Республики.

На сегодняшний день, по республике к автоматизированной информационной системе «Санарип аймак» подключены и работают органы местного самоуправления. Для решения критических проблем, возникающих во время заполнения данной системой, 22 декабря 2021 года состоялось собрание с представителями 8 государственных органов, подписавших соглашения с Государственным агентством по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики. На встрече были внесены ряд предложений по этому поводу и обсуждены планы на будущее.