Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы
министрлигине караштуу Ветеринардык кызматынын Сокулук райондук ветеринардык
башкармалыгы улук жана кенже административдик мамлекеттик жарандык кызмат
орундарынын ички кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже
топтору үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому
менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү
нускама.
— Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана
расмий тилдерди билүүсү;
— Компьютер жана мобилдик түзүлүштөр менен, компьютерде жана социалдык
тармактарда, оргтехника менен иштей билүүсү;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык
системаларын колдоно билүүсү.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын
улук топтору үчүн квалификациялык талаптар; (улук инспектор) (М-А)
1. Кесиптик билим деңгээли:
— ветеринария багыты боюнча «айыл чарба» жаатындагы жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялар:
Билим:
— “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
— “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо
жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы “Ишкердиктин
субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” №56 токтому;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы
“Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы
министрлиги жөнүндө” №98 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Суу
ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу
Ветеринардык кызматы жөнүндө” Жобо.
Жөндөмдүүлүк:
— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы
ыкмаларды колдонуу.
Көндүмдөр:
— ишкердик жазуу көндүмдөрү;
— белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон проблемаларды
чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;
— иштиктүү баарлашуу жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүү ыкмаларын
билүү;
— компьютердик жана башка оргтехниканы, ошондой эле зарыл программалык
камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
— өзүнүн арызы;
кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөтү менен;
— резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө
маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча
билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин
көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин
көчүрмөлөрү;
— Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү
мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө,
чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.
— паспорттун көчүрмөсү;
Документтер жарандардын жеке өзү тарабынан, папкада жана толук маалымат
тапшырылышы зарыл. Маалыматтары толук эмес жана коюлган талаптарга жооп
бербеген документтер кабыл алынбайт. Документтери толук жана коюлган талаптарга
жооп берген жарандар гана ачык сынакка катышууга чакырылат. Талапкерлердин
байланыш маалыматтары жана электрондук почта даректери так көрсөтүлүшү зарыл.
Конкурска катышуу үчүн документтер папкага салынган документтердин кагаз
көчүрмөлөрү 2024-жылдын 10-сентябрдан 19-сентябрына чейин иш күндөрү саат 09:00
дөн 18:00 гө чейин Жайыл райондук ветеринардык башкармалыгына төмөнкү дарек
боюнча берилиши керек: Чуй облусу, Жайыл району, Кара-Балта ш көчөсү Лиза
Чайкина 62, телефон: 0312 70531, 0708367605.
Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер гана тест тапшырууга
чакырылат. Сынактын датасы жана орду боюнча кошумча маалымат берилет.