Талас облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жана Талас шаардык спорт секторунун кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

–мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобуна 3 бирдик;

–мамлекеттик кызмат орундарынын кенже тобуна 3 бирдик;

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

2) 21 жаштан жаш болбоого;

3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

 

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн      (спорт боюнча башкы адис): 

1) Билими;

           — жогорку билим (дене тарбия жана спорт тармагындагы билимге артыкчылык берилет).

       2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн   (спорт боюнча башкы адис): 

1) Билими;

гуманитардык багыттагы жогорку билим (дене тарбия жана спорт тармагындагы билимге артыкчылык берилет).

       2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн    (Талас шаардык спорт секторунун — башкы адиси):

 

1) Билими;

           — Тийешелүү багыттагы жогорку билим (дене тарбия жана спорт тармагындагы билимге артыкчылык берилет).

       2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

     

 Административдик кызмат орундарынын кенже тобу     (спорт боюнча жетектөөчү адиси 2 бирдик) үчүн:

– тийешелүү багыттагы жогорку билим (дене тарбия жана спорт тармагындагы билимге артыкчылык берилет).;

— иш стажына талаптар коюлбайт; 

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу (спорт боюнча адиси) үчүн:

– тийешелүү багыттагы жогорку билим (дене тарбия жана спорт тармагындагы билимге артыкчылык берилет).;

— иш стажына талаптар коюлбайт; 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

 

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

 

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке  жарыя  чыккан күндөн баштап 14 календарлык күндүн  ичинде саат 9-00 дон 18:00 го чейин тапшыруу керек.

Дареги: Талас шаары Бердике Баатыр көчөсү №295а,  Тел. /03422/ 5-51-41.                  Моб. 0557855814; 0706373748;