Талас райондор аралык эмгек,  социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде  улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

 

Талас райондор аралык эмгек,  социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

– Мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобуна (бөлүмдөрдүн  башкы адиси);– Мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже тобуна (бөлүмдөрдүн  жетектөөчү адиси, ). Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;;2) 21 жаштан жаш болбоого;3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө. Административдик  мамлекеттик жарандык улук кызмат орундары үчүн  У-Б (жалпы мыйзамдарды билүү), негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

4)Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

5)Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

 

1) Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар үчүн ( эмгек жана иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башкы адиси) үчүн:

         Кесиптик билимдин деңгээли:

–жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер.

 

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

 

Кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

 

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:

1.Кыргыз Республикасынын  “Кыргыз Республикасыны көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Мыйзамы;

2.Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы

3 Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы;

4.Кыргыз Республикасынын «Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү» Мыйзамы.

-билгичтиги

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

 

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

2) Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар үчүн  ( үй-бүлөнү колдоо  жана балдарды коргоо бөлүмүнүн  башкы адиси) үчүн:

Кесиптик билимдин деңгээли:

 

— жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер.

 

Иш стажы жана тажрыйбасы:

 

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

 

Кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

 

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдары;

1) Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;

2) Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;

3) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;

4)  Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы.

 

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

 билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

 көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

3. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар үчүн  (Социалдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башкы адиси) үчүн:

Кесиптик билимдин деңгээли:

 

— жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер.

 

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

 

Кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

 

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:

1)  Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;

2) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы.

 

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

— билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

4. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар үчүн                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                     (мамлекеттик жана социалдык жөлөкпулдарды дайындоо бөлүмүнүн  башкы адиси) үчүн:

 

Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер.

 

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

 

Кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

 

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:

1) Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;

2) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын «Ден соолгунун мүмкүнчүлүктөрү  чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы.

 

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

 

— билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

 Административдик мамлекеттик   жарандык  кенже  кызмат орундары  үчүн  К-А, К-Б (жалпы  мыйзамдарды билүү) негизги тест үчүн  төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

3)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

 

1.Административдик кызмат орундарынын кенже тобу (Иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси ) үчүн:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер.

 

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талаптарды койбостон;

 

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

 

Кыргыз Республикасынын жалпы  мыйзамдарын , ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү  регламенттөөчү мыйзамдарды:

              

1). Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;

2) Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы.

 

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

— билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө:

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

колдоно билүү.

10. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу (Мамлекеттик жана социалдык жөлөкпулдарды дайындоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси)  үчүн:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер.

 

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талаптарды койбостон;

 

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

 

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдары;

1) Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;

2) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы.

 

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

— билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө:

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке  жарыя  чыккан күндөн баштап 14 календарлык күндүн  ичинде саат 8:30 дан  17:30 га чейин тапшыруу  керек.

Дареги: Талас шаары,  Бердике Баатыр  көчөсү  №200/42  Талас райондор аралык эмгек жана социалдык камсыздоо башкармалыгынын имараты. Тел. (03422/) 5-44-82. Моб. 0707 83-32-46