Манас райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы   Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде  кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт:

Манас райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

– бош административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук жана кенже кызмат тобун ээлөөгө.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;;

2) 21 жаштан жаш болбоого;

3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

  

 Административдик мамлекеттик жарандык улук кызмат орундары үчүн У-А, У-Б (жалпы мыйзамдарды билүү)  негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

5) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Административдик мамлекеттик жарандык кенже кызмат орундары үчүн К-А, К-Б (жалпы мыйзамдарды билүү)  негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

1. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн 1 орун («Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо» бөлүмүнүн адиси):

1). Кесиптик билим деӊгээли:

 – жогорку билим: гyманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер.

2). Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талаптарды койбостон.

3). Кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүүсү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү  кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

4. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;

5. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;

6. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы;

— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди.

— билгичтиги :

– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

– документтерди, маалыматтарды, суроо – талаптарга  жоопторду сапаттуу даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

– жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

– мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

– командада иштөө.

— Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен),

– өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен),

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү(иш стажы бар болсо) ;

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

   Белгиленген талаптарга туура келген документтерди жана маалыматтарды 2024-жылдын 15-мартынан баштап 29-мартына чейин саат 9-30 дан 17-00го чейин тапшыруу керек.

Дареги: Манас району, Покровка айылы, К.Жаманкулов көчөсү №123, Манас райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, 

телефон: (03459) 2-25-43, мобилдик  номер: 0701131360.