Таш-Көмүр шаардык эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы улук кызмат орундарын ээлөөгө кадрдык резервке кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт: Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек. Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн: Жогорку билим: гуманитардык, социалдык, табигый илимдер, техникалык, мугалимдик кесиптер, экономика жана башкаруу; Мамлекетик жана муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнундө» «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн: «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө Мыйзамы; Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат: Жеке арызы; Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны сот жообуна тартылбагандыгы жөнүндө маалымдама; Негизги жана кошумча билимин ырастоочу документтер (акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчурмөсү) Паспорт көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт) Документтер: Жарыя чыккан күндөн баштап, 10 жумушчу күндүн ичинде саат 8:30-17:30га чейин кабыл алынат. Дареги: Таш-Көмүр шаары,А.Жолдошбаев №14/1көчөсү Сурап билүү байланыш номери: (03745)5-02-26; Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы