Токтогул районунун  Токтогул шаарынын  мэриясы КРнын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык административдик муниципалдык кызматынын орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн

АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:

Квалификациялык талаптар:

 

Башкы кызмат орундары үчүн:

  • Кесиптик билимдин деңгээли:

— Жогорку билим (бакалавр, магистр) – бардык багыттар боюнча.

    иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/ же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес.

2) Улук кызмат орундары үчүн:

— жогорку билим (бакалавр, магистр) тиешелүү багыттагы — ошондой эле финансы, экономика, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, айыл чарба, экология, курулуш, транспорттук техника жана технология, геодезия жана жерге жайгаштыруу, энергетика, гуманитардык, социалдык кызмат, педогогикалык тармактардагы жогорку билим.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;

3) Кенже кызмат орундары үчүн:

  • Тиешелүү багыттагы жогорку билим же атайын орто кесиптик билим; (айыл чарба, ветеринария, гуманитардык, социалдык кызмат, педагогикалык, экономика, финансы, техникалык, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция)
  • Иш стажысына талап коюлбайт.

     Кесиптик компетенттүүлүгү:

1) Башкы кызмат орундары үчүн:

— төмөнкүлөрдү билүү;

КР жалпы мыйзамдарын мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;

Адам ресурстарын башкаруу жаатында;

Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекетик жана расмий тилдерди;

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Министирлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Эмгек Кодекси”
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө; Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы
  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын 202-жылдын 3-мартындагы 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдар: — (предметтик тест үчүн) багыттар боюнча.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

2) Улук кызмат орундары үчүн:

Төмөнкүлөрдү билүү;

КР жалпы мыйзамдарын мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;

Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекетик жана расмий тилдерди;

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө; Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын 202-жылдын 3-мартындагы 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы.
  • Тиешелүү тармактагы мыйзамдар: — (предметтик тест үчүн) багыттар боюнча.

 

3) Кенже кызмат орундары үчүн:

Төмөнкүлөрдү билүү;

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын. Ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш-чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;

Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;

Тиешелүү тармактагы мыйзамдар: — (предметтик тест үчүн) багыттар боюнча.

 

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер (атайын папкада ДЕЛО№ тиркелген):

  • Өзүнүн арызы;
  • Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнөндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ( бар болсо) ырастаган документтердин көчрмөөрү;
  • Илимий даражаны  жана илимий наамды ( бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
  • Паспорттун көчрмөсү.

Документтер 2022-жылдын 30-августунан 15-сентябрына чейин кабыл алынат (эс

алуу, майрам күндөрүнөн башка). Документтер жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде кабыл алынат. Иш убактысы саат 08:30дан 17:30га чейин.

Дареги: Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Токтогул шаары, Черноткач көч. №5. Тел: (03747) 50128, (03747) 50095, моб: 0777 50 00 77, 0507 50 00 77