21-23.07.2022.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик Агенттик Ханс Зайдель фонду менен Ж. Абдрахманов атындагы Башкаруу Академиясы Ысык-Көл облусунун Тоң районунда биргелешип семинар өткөрүштү. Окутуу- семинар айыл өкмөттүн башчыларын, жергиликтүү кеңештин депутаттарын жана айыл өкмөттүн тийиштүү кызматткерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатын көздөйт.
Иш чаранын алкагында, жаңы кабыл алынган Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат багытындагы мыйзам ченемдик актылар боюнча түшүндүрүү жана аларды кызматка пайдалануу жаатында практикалык жардамдар талкууланды. Семинарга Агенттиктин Аппараттын ишин уюштурууну камсыздоо башкармачылыгынын башчысы Алышбаев Калыбек Кеңешович катышты.