Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

  1. Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
  2. Соттуулугу жок;
  3. 18 жаштан жаш болбоого;
  4. Мыйзамда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

Улахол айыл өкмөтүндөгү башкы кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар. (Б-Б. 1штаттык бирдик).

1) кесиптик билимдин деңгээли:

-тийиштүү багыттагы жогорку билим.

2) иш стажы жана тажрыйбасы;

-жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажысы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы:

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзам актылары:

  1. 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети  жөнүндөгү” мыйзамын;

 

 

 

  1. Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодексин”
  2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” ;
  3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” ;
  4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” ;
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”;
  6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” ;
  7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Электрондук башкаруу жөнүндө”;
  9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Улахол айыл өкмөтүндөгү улук кызмат (айыл чарба, социалдык жана экономикалык блок) орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар. (У-А, У-Б. 4 штаттык бирдик).

1) кесиптик билимдин деңгээли:

-тийиштүү багыттагы жогорку билим.

2) иш стажы жана тажрыйбасы;

-жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажысы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы:

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзам актылары:

  1. 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Кыргыз Республикасынын Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамын;
  3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” ;
  4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” ;
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Электрондук башкаруу жөнүндө”;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Улахол айыл өкмөтүндөгү кенже кызмат (гуманитардык) орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар. (К-А, К-Б. 3 штаттык бирдик).

1) кесиптик билимдин деңгээли:

-тийиштүү багыттагы жогорку же орто кесиптик билим.

2) иш стажы жана тажрыйбасы;

-иш стажына талап коюлбайт:

 

03) кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзам актылары:

  1. 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Кыргыз Республикасынын Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамын;
  3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Электрондук башкаруу жөнүндө”;

Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды айыл өкмөтүнун башчысынын орун басары-жооптуу катчысынан 07070655365 телефонуна кайрылып алсаңыздар болот.:

– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

– билгичтиги:

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

– көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

– ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты  көрсөтүү менен);

-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

-илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо)  ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт).

Сынакка катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмгө көктөп, Документтер сайтка жарыяланган күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде: 2025-жылдын 9-сентябрынан 18-сентябрына чейин Улахол айыл аймагында кабыл алынат. Дареги: Кара-Талаа айылы, Р.Ажыбаева көчөсү № 7.

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.

Кошумча маалымат үчүн (0 39 47) 6-00-19,  0707655365 телефондоруна кайрылыңыздар.