(Уюштуруу иштери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү, укуктук тартип жана кадр маселелери жетектөөчү адиси) Кенже кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим (физика-математика илимдери жана фундаменталдык инфориатика, табият таануу, гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, педагогикалык билим берүү, экономика жана башкаруу, айыл чарба илимдери, тейлөө сферасы, автоматаштыруу жана башкаруу, эсептөө техникасы жана инновациялык технологиялар); 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талап коюлбайт. 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзам актылары: Кыргыз Республикасынын Конституциясын; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама». Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле: Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Мыйзамдарын билүүсү зарыл. – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; – билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына көнүү; – көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөго ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: -формага ылайык кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча сүрөтү тиркелген; – өзүнүн арызы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү; – паспорттун көчүрмөсү. Сынакка катышуу үчүн баардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, сайтка жарыяланган күндөн 2024-жылдын 10-октябрынан тартып 2024-жылдын 01-ноябрына чейин саат 17:00 го чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Түп айылы, Боромбай көчөсү, 53. тел. 2-43-85, 0701123178, 0708926552 Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгы административдик кызматтардын кенже тобуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялайт. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын Ак-Суу райондук ветеринардык башкармалыгы улук жана кенже ( инспектор) мамлекеттик административдик жарандык кызмат орундарынын ички кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.