(Социалдык өнүктүрүү, саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, дене-тарбия, спорт, жаштар саясаты ж.б. маселелери боюнча сектор башчысы) улук кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кесиптик билимдин деңгээли: -тийиштүү багыттагы жогорку билим (физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият таануу, гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, педагогикалык билим берүү, тейлөө сферасы, автоматаштыруу жана башкаруу, эсептөө техникасы жана инновациялык технологиялар). 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзам актылары: Кыргыз Республикасынын Конституциясын; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама». Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө» Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-декабрындагы № 878 токтому менен бекитилген «Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө» типтүү Жобону билүүсү зарыл. – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; – билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. (юрист) Кенже кызмат ордулардына кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кесиптик билимдин деңгээли: Гуманитардык тийиштүү багыттагы жогорку билим юриспруденция. 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажга талап коюлбайт. 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзам актылары: Кыргыз Республикасынын Конституциясын; 2.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; 3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама». Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасындагы “Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө”, Кыргыз Республикасындагы “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” “Жер Кодекси” Мыйзамдарын. – райондук мамлекеттик администрациясынын жалпы иштерине байланышкан ченемдик укуктук актылар менен тааныштыгы болуусу зарыл. – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. – билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: – өзүнүн арызы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү. Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, газета чыккан күндөн баштап 10 календарлык күнгө чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Түп айылы, Боромбай көчөсү, 53. Кошумча маалыматты Түп райондук мамлекеттик администрациясынан алса болот тел.2-43-70, 0703702713 Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)