Түп райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы ваканттык орунга жана административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт Ваканттык орун: Үй-бүлөөнү колдоо жана балдарды коргоо секиоруна Сектор башчы (С-А) Кадрлар резервине: ҮКБК секторуна Башкы адис (Г-Б), Кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар Жогорку билим; (гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педогогикалык билим берүү, табигый илимдер, техникалык илимдер) Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес. Көндүмдөрү: Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү Конфликттерди чечүү, маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо Ɵз ишин жана сектордун ишин натыйжалуу пландаштыруу мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү Кесиптик компетенттүүлүгү төмөнкүлөрдү билүү Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү Жобо Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнунда № 391 Токтому менен бекитилген “Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды жана үй-бүлөлөрдү аныктоонун тартиби жөнүндө” жобо. Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартында № 125 Токтому менен бекитилген “Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу” жобо Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат: – Жеке арызы, резюме, өмүр баян – Кадрларды эсепке алуу баракчасы – Өздүк таржымал (соттолбогондугу бар же жок экендиги ж-ө маалыматты көрсөтүү менен) – 3*4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт – Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт) – Билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (көчүрмө нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек) – Эгерде эмгек китепчеси болсо анын көчүрмөсү нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек – кошумча билиминин квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтер, окумуштуулук наамы болсо көчүрмөсү Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипте жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт Талапкерлерден документтер 2025-жылдын 10-июнунан 20-июнуна чейин Түп айылы Элебаев көчөсү №62 дарегинде кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү тел. кайрылыңыздар (03922) 2-45-53, 0502683298 Жазуулар боюнча багыттоо Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар, инвестиция тартуу жана жаштар маселеси боюнча жетектөөчү адиси бош ваканттык орун пайда болгондуктан жана ички резерв жок болгондуктан ачык конкурс жарыяланат жана сайтка жарыялап берүүнуздү сурайм: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгы, административдик кызмат орундарынын улук жана кенже топтору боюнча ички кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт