Башкы адиси-юрист муниципалдык административдик  кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)

 

  • Тийиштүү багыттагы  жогорку кесиптик билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юридикалык);
  • Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик кызмат же/жана муниципалдык кызмат стажы, же болбосо адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы (мамлекеттик кызматтын же/жана муниципалдык кызматтын жогорку, башкы жана улук кызмат орундарын ээлөө үчүн).

 

Кесиптик компетенттүүлүк:

Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын  2021-ж. 27-октябрындагы №125 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы, 2021-жылдын 28-октябрындагы №128 «Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодекси», 2007-жылдын 4-майындагы №67 “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” мыйзамын, 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 “Кыргыз  Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамын, 2012-жылдын 8-августундагы №153 “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын, 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамы, 1996-жылдын 8-майындагы №15 “Кыргыз Республикасынын граждандык Кодекси”, 2017-жылдын 25-январындагы №14 “Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик Кодекси”  

(конкреттүү ченемдик укуктук актылардын тизмегин көрсөтүү керек)

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон өлчөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү, башка билимдери;

(кызматтык нускаманын алкагында ишти жүзөгө ашыруу үчүн керектүү билимин көрсөтүү керек)

 

Билгичтиги: 

  • тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин өнүгүү программаларын натыйжалуу тейлөө;
  • ишти натыйжалуу пландоо;
  • белгиленген милдеттерди так жана обьективдүү аткаруу;
  • кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү:
  • кабыл алынган чечим боюнча жоопкерчиликти өзүнө алуу;
  • ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу:
  • башкаруучулук иши (пландоо, уюштуруу, координациялоо, шыктандыруу жана контролдоо)
  • натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, жолугушууларды өткөрүү, мамлекеттик жана / же расмий тилдерде ишкердик кат алышууларды жүргүзүү.
  • чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

(кызматтык нускаманын алкагында ишти жүзөгө ашыруу үчүн керектүү билгичтигин көрсөтүү керек)

 

Көндүмдөрү:

– адаптация-өзгөрүлүп жаткан жумуш шарттарына жана жаңы талаптарга тез көнүп кетүү;

– критикалык ой жүгүртүү-маалыматты талдоо, көйгөйлөрдү аныктоо жана натыйжалуу чечимдерди табуу, системалаштыруу жана жалпылоо;

– эмоционалдык интеллект-өзүңүздүн жана башкалардын сезимдерин түшүнүү, командада натыйжалуу өз ара аракеттенүү;

– коммуникация көндүмдөрү-маектештердин ойлорун так билдирүү, угуу жана түшүнүү;

– кагылышууларды чечүүдө тапшырмаларды аткарууну пландаштыруу, уюштуруу жана көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү;

– аналитикалык ой жүгүртүү-чоң көлөмдөгү маалыматтар менен иштөө жана негиздүү тыянак чыгаруу;

– көйгөйлөрдү чечүү-татаалдыктарды аныктоо, анализдөө жана оптималдуу чечимдерди табуу;

– тайм-менеджмент-убакытты жана аранжировканы натыйжалуу башкаруу;

– санариптик сабаттуулук-сиздин тармакка тиешелүү заманбап технологиялар жана программалар менен иштөө көндүмдөрү;

– туура келишимдерди түзүү жана талдоо, укуктук документтер жана электрондук түрдө базалар менен иштөө, юриспруденция жаатындагы мыйзамдарды билүү;

 (кызматтык нускаманын алкагында ишти жүзөгө ашыруу үчүн керектүү көндүмдөрүн көрсөтүү керек)

 

Муниципалдык менчикти башкаруудагы киреше боюнча адис административдик муниципалдык кызмат ордуна коюлучу квалификациялык талаптар (К-Б)

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

  • Тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, экономика жана башкаруу, салык жана салык алуу, бухгалтердик эсеп жана аудит);
  • Иш тажрыйбасына талап коюлбайт
    • Кесиптик компетенттүүлүк: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын 2021-ж. 27-октябрындагы №125 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы, 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамы, 2025-жылдын 18-июлундагы №149 “Кыргыз Республикасынын жер кодекси”, 2011-ж. 23-сентябрындагы №571 менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому, (конкреттүү ченемдик укуктук актылардын тизмегин көрсөтүү керек);

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон өлчөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү, башка билимдери;

(кызматтык нускаманын алкагында ишти жүзөгө ашыруу үчүн керектүү билимин көрсөтүү керек)

 

Билгичтиги:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

–    эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

 (кызматтык нускаманын алкагында ишти жүзөгө ашыруу үчүн керектүү билгичтигин көрсөтүү керек);

 

Көндүмдөрү:

– адаптация-өзгөрүлүп жаткан жумуш шарттарына жана жаңы талаптарга тез көнүп кетүү;

– критикалык ой жүгүртүү-маалыматты талдоо, көйгөйлөрдү аныктоо жана натыйжалуу чечимдерди табуу, системалаштыруу жана жалпылоо;

– эмоционалдык интеллект-өзүңүздүн жана башкалардын сезимдерин түшүнүү, командада натыйжалуу өз ара аракеттенүү;

– коммуникация көндүмдөрү-маектештердин ойлорун так билдирүү, угуу жана түшүнүү;

– долбоорду башкаруу-максаттарга жетүү үчүн тапшырмаларды аткарууну пландаштыруу, уюштуруу жана көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү;

– аналитикалык ой жүгүртүү-чоң көлөмдөгү маалыматтар менен иштөө жана негиздүү тыянак чыгаруу;

– командалык иш-жалпы максаттарга жетүү үчүн жамаатта натыйжалуу өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгү, кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө;

– көйгөйлөрдү чечүү-татаалдыктарды аныктоо, анализдөө жана оптималдуу чечимдерди табуу.

– тайм-менеджмент-убакытты жана аранжировканы натыйжалуу башкаруу;

– санариптик сабаттуулук-сиздин тармакка тиешелүү заманбап технологиялар жана программалар менен иштөө көндүмдөрү.

 (кызматтык нускаманын алкагында ишти жүзөгө ашыруу үчүн керектүү көндүмдөрүн көрсөтүү керек)

 

Конкурска катышууга керектүү документтер:

  • жеке арыз, кадрлар эсепке алуу баракчасы, өмүр баян көрсөтүү менен резюме, фото сүрөт;
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • тиешелүү адистик боюнча жогорку билимин, иш стажы жана квалификациясын аныктаган документтер (нотариалдык жактан же иштеген жери боюнча персоналдарды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин, жогорку билими жөнүндө квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтердин, окумуштуулук наамы тууралуу дипломдорунун көчүрмөсү);
  • жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт.

 

Талапкерлерден конкурска катышуу үчүн документтер 2025-жылдын 22-ноябрына чейин Чолпон-Ата шаарынын Совет көчөсү №75д дарегинде кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды, талаптарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыңыздар   (0-3943) 4-35-04 жана (0559) 533339.