Чолпон-Ата шаардык мэриясынын мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адис административдик муниципалдык кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) 1) кесиптик билимдин деңгээли: – тиешелүү багыттагы жогорку билим (Экономика, тейлөө сферасы, юридикалык). 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарын билүү зарыл. – Сатып алуулар боюнча каржы министрлиги тарабынан берилген сертификаттын болушу абзел; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; Чолпон-Ата шаардык мэриясынын мамлекеттик сатып алуулар боюнча жетектөөчү адис административдик муниципалдык кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А) 1) кесиптик билимдин деңгээли: – тиешелүү багыттагы жогорку же болбосо атайын орто кесиптик билим (Экономика, тейлөө сферасы,юридикалык). 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талаптар коюлбайт 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарын билүү зарыл. – Сатып алуулар боюнча каржы министрлиги тарабынан берилген сертификаттын болушу абзел; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: – өзүнүн арызы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү. Документтерди кабыл алуу мөөнөтү, конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат 17.04.2025-30.04.2025жж документтер кабыл алынат. Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Чолпон-Ата шаардык мэриясы Чолпон-Ата ш. Совет көчөсү 75д. Кошумча маалыматтарды тел.0394342961 алсаныздар болот. Атк.: Муканова Ж.Ж. 0509770418 Сынак өткөрүү мөөнөтү боюнча кошумча айтылат. Жазуулар боюнча багыттоо Ысык-Көл райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтү кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт: