башкы кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим. 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы. 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзам актылары: Кыргыз Республикасынын Конституциясын; Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” мыйзамын Кыргыз Республикасынын “ Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” мыйзамын. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама». Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: КР Турак жай кодексин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”. – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; – билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; улук кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим. 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзам актылары: Кыргыз Республикасынын Конституциясын; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама». Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтомун, КР Укук бузуулар жөнүндө Кодексин, КР Жер Кодексин, Кыргыз Республикасынын Турак-жай Кодексин. – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; – билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. кенже кызмат ордулардын кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кесиптик билимдин деңгээли: – тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим. 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажга талап коюлбайт. 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзам актылары: Кыргыз Республикасынын Конституциясын; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын; Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: КР Эмгек Кодексин, КР Укук бузуулар жөнүндө Кодексин, КР Жер Кодексин, Кыргыз Республикасынын Турак-жай Кодексин. – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; – билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: – өзүнүн арызы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү. Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Чолпон-Ата ш. Совет көчүрмөсү 75. Кошумча маалыматты Чолпон-Ата шаардык мэриясынан алса болот (жалпы бөлүм), тел.0394342216 Сынак өткөрүү 10 календардык кун. Атк.:Муканова Ж.Ж, 0509770418 Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгы административдик кызматтардын кенже тобуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялайт. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы