Чүй облусунун Москва районунун Төлөк айыл өкмөтү административдик
муниципалдык кызмат орундарынын төмөнкү топтору боюнча Төлөк айыл
өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча ачык
конкурс жарыялайт:
— административдик муниципалдык бош кызмат орундарынын улук тобунун
ээлөөсүнө
— административдик муниципалдык бош кызмат орундарынын кенже тобунун
ээлөөсүнө
Төлөк айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөнкү
талаптарга жооп бериши керек:
1. Кыргыз Республикасынын жараны болушу;
2. Кеминде 18 жашта болушу;
3. Кадрлар резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык
талаптарга ылайык келүүсү.
Талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
1.Административдик муниципалдык орундарынын улук тобу үчүн:
— тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку билим (финансалар, экономика жана
башкаруу, бухгалтердик эсеп, аудит, салыктар жана салык салуу, юридикалык, айыл
чарба)
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же
тийиштүү кесиби чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;
— негизги тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат
жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”
мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары
жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;
— КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207 токтому менен
бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
— предметтик тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү:
— Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы.
2. Административдик муниципалдык орундарынын кенже тобу үчүн:
— тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку же болбосо орто кесиптик билим
(мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, финансалар жана экономика, геодезия жана
жерге жайгаштыруу, айыл чарба, архитектура жана курулуш);
— иш стажына талаптар коюлбайт;
— негизги тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат
жөнүндө” мыйзамы;
— предметтик тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү:
— Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы.
Тандоого катышуу үчүн папкага тигилген төмөнкү дөкументтер тапшырылат:
— административдик муниципалдык кызмат тобун көрсөтүлгөн өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
— өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча
билимин ( бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин
көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин
көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү;
Документтер Москва району, Спартак а., Ленин к. 84 Төлөк айыл өкмөтүнүн
имараты дарек боюнча 2024-ж. 6-ноябрынан баштап 15-ноябрына саат 17.00го чейин
кабыл алынат. Байланыш телефон +996702087541