Сокулук районун З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтү
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык
кенже кызмат оруну үчүн ички кадрлар резервине киргизүү үчүн
АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:
З.Кайназарова айыл өкмөтүнүн кадрдык резервине кирүү үчүн талапкер
төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
Кыргыз Республикасынын жараны, 18 жаштан кем эмес.
Кенже топтогу административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат
орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кесиптик билимдин деңгзэли:
— тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто
кесиптик билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптарды койбостон;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Мамлекеттик кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
Аскердик-эсепке алуу столунун инспектору кызмат орду боюнча иш чөйрөнү
регламенттөөчү мыйзамдары:
“Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети
жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы, «Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
4) кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик
жана/же расмий тилдерди;
— билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны
практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө:
көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык
продуктуларды колдоно билүү

Сынака катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

өздүк арыз, (телефон номерин көрсөтүү менен),
резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен),
өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат көрсөтүү
менен),
жогорку же кесиптик билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү
нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн же акыркы иштеген жеринен,
эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгер иш стажы бар болсо), нотариалдык жактан же
акыркы иштеген жери боюнча,
илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин
көчүрмөлөрү (бар болсо, нотариус тарабынан же персоналды башкаруу кызматы тарабынан
иштеген жери),
паспорттун көчүрмөсү(оригиналды сынакка келген маалда көрсөтүлөт).
Сынакка катышуу үчүн талапкерлер кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 10
жумушчу күндүн ичинде (2023-жылдын 22-августунан 5-сентябрына чейин) төмөнкү
дарек боюнча документтерди тапшырышы керек: З.Кайназарова айыл өкмөтү, ЧатКель айылы Почтовая көч. №б/н, тел:03134 70835
Кошумча тел: 0553190507 ,0502798507