Чүй облусунун Сокулук районунун Күнтуу айыл өкмөтү бош административдик кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыялайт.

 Административдик муниципалдык улук кызмат тобунун квалификациялык талаптар (Материалдык бухгалтер, инвестиция жана тендер боюнча башкы адис У-Б, 1-бирдик).

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– экономика жана финансы, юриспруденция, салыктар жана салык салуу багыттары боюнча жогорку кесиптик билим, мамлекеттик сатуу жана сатып алуулар, тендер  боюнча сертификат

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Профессионалдык компетенциясы

— билүүсү талап:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары; Кыргыз Республикасынын Салык кодекси; Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекси; Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамы;

  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
  • жөндөмдөр:

маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;

кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;

коомчулук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

жаңы эмгек шарттарына көнүү

  • көндүмдөр:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;

компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу

Административдик муниципалдык кенже кызмат тобунун квалификациялык талаптар (Жер суроолору боюнча адис  К-Б, 1-бирдик).

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:
    • геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, кыртыш таануу, картография, агрономия, агрохимия жана агротопурак таануу, айыл чарба, зоотехника, юриспруденция багыттары боюнча жогорку же орто кесиптик билими;
  2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт.

  1. Профессионалдык компетенциясы

—  билүүсү талап:

Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы№ 243 токтому менен жактырылган “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобо”;

  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
  • билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин көрсөтмөлөрүн сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;

кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана /же расмий тилде иштиктүү кат алышуу; командалык иш;

  • көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөо жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Административдик муниципалдык кенже кызмат тобунун квалификациялык талаптар (Аскердик эсепке алуу столунун инспектору К-Б, 1-бирдик).

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:
    1. жогорку же орто кесиптик билими;
  2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт.

  1. Профессионалдык компетенциясы

—  билүүсү талап:

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
  • билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин көрсөтмөлөрүн сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;

кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана /же расмий тилде иштиктүү кат алышуу; командалык иш;

  • көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөо жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Документтер «Конкурска» деп жазуусу бар папкада жөнөтүлүшү керек.

Белгиленген талаптарга туура келбеген толук эмес документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде 8-августан 21 августа чейин саат 8-30 дан 17:30 га чейин төмөндөгү дарекке тапшыруу керек: Чүй облусу, Сокулук району, Күнтуу айылы, Иманалиева көчөсү 48А, Күнтуу айыл өкмөтүнүн имараты, 2 кабинет.

Сурап билүү телефондор: (03134) 64035