Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтү кадрлар резервине киргизүү үчүн жана ачык конкурс жарыялайт

Ивановка айыл өкмөтүнүн улук жана кенже муниципалдык кызмат орундарына

 Ивановка айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызмат орундарына

администрациялык ведомствого квалификациялык талаптар

Кыргыз Республикасынын Министринин Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелинин №189 токтому, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна Типтүү квалификациялык талаптарга ылайык бекитилген.

Администрациялык муниципалдык кызмат орундарына жалпы

квалификациялык талаптар:

— Кыргыз Республикасынын жараны;

— соттуулугу жок;

— 18 жашка толгон.

Жалпы мыйзамдарды билүү:

 Улук администрациялык муниципалдык кызмат орундары үчүн:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын, 2007-жылдын 4-майындагы №67 «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы №125 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын.
  4. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы №241 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын;
  5. Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-августундагы №153 «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы.
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы.
  2. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы №125 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат» Мыйзамы.

Улук топтогу администрациялык муниципалдык кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

Башкы адис — юрист (У-Б) — 1 бирдик.

  1. Кесиптик билим деңгээли:

– жогорку кесиптик билим-юриспруденция.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенциялар:

           билим:

— Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы №45 Жер кодекси, КР 1996-жылдын 8-майындагы №15 Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы.

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

билгичтик:

— маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

— аналитикалык документтерди даярдоо;

— тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;

— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

— ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

— эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

            көндүмдөр:

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

— ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;

— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

— компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

Социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис (К-А) – 1 бирдик.

  1. Кесиптик билим деңгээли:

— жогорку же орто кесиптик.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— стажга талаптар коюлбайт.

  1. Кесиптик компетенциялар:

    билим:

— Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө»,  2008-жылдын 3-апрелиндеги №38 «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

  билгичтик:

— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;

— кызматтык милдеттерине ылайык иш-аракеттерди натыйжалуу пландаштыруу;

— жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;

— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

— командада иштөө.

  көндүмдөр:

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

— компьютердик жана уюштуруу техникаларынын, керектүү программалык продуктуларын колдоно билүү.

Аскердик-каттоо столунун инспектору (К Б) – 1 бирдик.

  1. Кесиптик билим деңгээли:

— жогорку же орто кесиптик.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— стажга талаптар коюлбайт.

  1. Кесиптик компетенциялар:

билим:

— Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар” жөнүндө Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-март 2020-жылдагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

билгичтик:

— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;

— кызматтык милдеттерине ылайык иш-аракеттерди натыйжалуу пландаштыруу;

— жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;

— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

— командада иштөө.

көндүмдөр:

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

— компьютердик жана уюштуруу техникаларынын, керектүү программалык продуктуларын колдоно билүү

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет:

— жеке арыз;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо);

— документтердин көчүрмөлөрү жана окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу (бар болсо);

— паспорттун көчүрмөсү.

         Документтерди 2023-жылдын 25-июлунан 7августка чейин Ысык-Ата району, Ивановка айылы, Фурманов көчөсү 29 дареги боюнча, конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат. Тел.03132-42-5-83; 0707035-314.