Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтү  Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын негизинде башкы, улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

Конкурс 2023-жылдын 25-июль айынан 08-август айына чейин өткөрүлөт.

Ысык-Ата  районунун Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

— административдик муниципалдык кызмат орунунун башкы тобуна резервке;

— административдик муниципалдык кызмат орунунун улук тобуна резервке;

— административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобуна резервке.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү

 квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

2) 18 жаштан жаш болбоого;

3) Соттуулугу жок;

Мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө:   Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
    2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз

Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;

  1. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
    4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана

муниципалдык кызмат жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо

тартиби жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик

укуктук актылары жөнүндө»;
7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу

жөнүндө»;
8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик

органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;
9. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Улук  административдик муниципалдык кызмат орундары учун жалпы мыйзамдарды

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы
  2. Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө
  3. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө
  4. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө
  5. Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө
  6. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама

Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары учун жалпы мыйзамдарды:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
    2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык

кызмат жөнүндө” Мыйзамын;

Административдик муниципалдык башкы кызмат тобунун квалификациялык талаптар (айыл өкмөттүн жооптуу катчы Б-Б) – 1 бирдик.

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

жогорку кесиптик билим.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Профессеналдык компетенциясы

— билүүсү талап: 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика Кодексин бекитүү тууралуу” № 171 Жарлыгы; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын

2-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” жобосун; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”; “Ички миграция жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-июлундагы №462 “Эмгек китепчесинин формасын, эмгек китепчесиндеги кошумчалырдын формасын жана эмгек китепчелерин жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтому; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын

24-февралындагы №61 Жарлыгы менен бекитилген  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ратоциялоонун тартиби жөнүндө” жобосу; адам ресурстарын башкаруу жаатындагы; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

  • билгичтиги:

иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө;

өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;

ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

  • көндүмдөрү:

аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Административдик муниципалдык улук кызмат тобунун квалификациялык талаптар (каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы У-А) — 1 бирдик.

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

жогорку кесиптик билим экономика жана башкаруу, финансы.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Профессеналдык компетенциясы

— билүүсү талап:

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамдары;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

— билгичтиги:

маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;

кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;

бизнес сүйлөшүүлөр;

жаңы эмгек шарттарына көнүү;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

жумушту пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Айыл чарба боюнча башкы адис У-Б — 1 бирдик.                                                                                                                                                                                                                                                                                          

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку кесиптик билим, айыл чарба жана укук таануу багытында.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”, “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобо,

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

— билгичтиги:

маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;

кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;

бизнес сүйлөшүүлөр;

жаңы эмгек шарттарына көнүү;

-көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Административдик муниципалдык кенже кызмат тобунун квалификациялык талаптар (аскердик-эсепке алуу столунун инспетору КБ) – 1 бирдик.

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим;

  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:

– иш стажына талаптар коюлбайт;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы №509 токтому

менен бекитилген “Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобо,

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

— билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин көрсөтмөлөрүн сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;

кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана  /же расмий тилде иштиктүү кат алышуу; командалык иш;

  • көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөо жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Документтер «Конкурска» деп  жазуусу бар папкада  жөнөтүлүшү керек.

Белгиленген талаптарга туура келбеген толук эмес документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде 25-июльдан 08-августка чейин саат 8-30 дан 17:30 га чейин төмөндөгү дарекке тапшыруу керек: Чүй облусу, Ысык-Ата району, Кең-Булуң айылы, Ленин көчөсү 58а, Кең-Булуң  айыл өкмөтүнүн имараты, 2 кабат,

3 кабинет.

Сурап билүү телефондор: (03132) 45-9-87; 0559 288 0988.