Ысык-Ата районунун Красная Речка айыл өкмөтү

улук жана кенже топтогу  административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык

сынак жарыялайт

 Муниципалдык административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарынын жалпы жобосу

  1. Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

2)  18 жаштан жаш болбоого;

3) ушул кызмат орду үчүн мыйзамдарда жана кызматка кабыл алууну жүзөгө ашырып жаткан тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

  1. Төмөнкү адам кызматчы боло албайт:

1) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылган же болбосо ага соттун айыптоочу өкүмү менен кызматчы катары ишти жүзөгө ашырууга же мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын белгилүү бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынган;

2) мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар.

Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

 Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөндөгү типтүү квалификациалык талаптар белгиленет

 Киреше салыгы боюнча жетектѳѳчү  адис ( К-А)-1 штат

 1.Кесиптик билим деңгээли:

төмөнкү чөйрөлөрдөгү жогорку кесиптик же болбосо орто кесиптик билими:  «Экономика жана финансы», салыктар жана салык салуу боюнча.

  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:

— кенже кызмат орундары — иш стажына талаптар коюлбайт.

  1. Профессионалдык компетенциялар:

Билим:

  1. Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
  2. Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес кирешелер жѳнүндѳ» кодекси;

Турак жай коммуналдык чарба  адис ( К-Б) -1 штат

  1. Кесиптик билим деңгээли:

— төмөнкү чөйрөлөрдөгү жогорку кесиптик же болбосо орто кесиптик

  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:

— кенже кызмат орундары — иш стажына талаптар коюлбайт.

  1. Профессионалдык компетенциялар:

Билим:

  1. Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө» Мыйзамы.

 Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөсү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлүндүрүлгөн  эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү.

Сынакка катышуу үчүн бардык калоочуларга жогорудагы көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, 2023-жылдын 10-августуна  чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Чүй облусу, Ысык-Ата району, Красная Речка айыл өкмөтү Октябрь көчөсү №65.

Сурап билүү үчүн 0700 86-46-51 телефонуна кайрылсанар болот