Шамалдуу-Сай шаардык мэриясы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын                                     жана  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ№24 Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык  башкы, улук жана кенже кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

 

Шамалдуу-Сай шаардык мэриясы

Башкы кызмат орундарына:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим (“Экономика жана башкаруу”, “Физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика”, “Гуманитардык илимдер”, “Табият таануу илимдери”, “Педагогикалык билим берүү”, “Автоматташтыруу жана башкаруу”, “Информатика жана эсептөө техникасы”).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдар:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана  муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”,  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдар:

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №24, 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ №169, 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ №308 Жарлыктары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги ПЖ №189 токтому.

Кызматтык милдетти аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

билгичтиги:

-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

-түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

-коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

-өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;

-ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

көндүмдөр:

-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Улук кызмат орундарына:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим (“Экономика жана башкаруу”, “Гуманитардык илимдер”, “Айыл чарба жана айыл чарба илимдери”, “Геодезия жана жерге жайгаштыруу”, “Энергетика жана электротехника”, “Транспорттук техника жана технология”, “Архитектура жана курулуш”, “Педагогикалык билим берүү”, “Социалдык илимдер”, “Табият таануу илимдери”, “Саламаттыкты сактоо”, “Маданият жана искусство”, “Тейлөө сферасы”, адистиктер: Финансы (тармактар боюнча), Салыктар жана салык салуу, Банк иши, Бухгалтердик эсеп жана аудит).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

-Төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдар:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана  муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

Тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдар:

Экономиканы ɵнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы:

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” мыйзамдары.

Социалдык сектордун башчысы:

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө”, “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө”, “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө”, “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамдары.

Башкы адиси — юрист:

Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Административдик-процесстик кодекси, Жарандык-процесстик кодекси, “Укук бузуулар жɵнүндɵ” кодекси, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы.

Башкы адис — башкы эсепчи:

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын тиешелүү жылга жана убакыттын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамы.

Башкы адис (социалдык тармак боюнча):

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө”,  “Дене тарбия жана спорт жөнүндө”, “Спорттун улуттук түрлɵрү жөнүндө” мыйзамы.

Башкы адис (экономика тармагы боюнча):

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Салык кодекси, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” мыйзамдары.

Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.

көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Кенже кызмат орундарына:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим же орто кесиптик билим (“Экономика жана башкаруу”, “Гуманитардык илимдер”,  “Айыл чарба жана айыл чарба илимдери”, “Геодезия жана жерге жайгаштыруу”, “Архитектура жана курулуш”, “Энергетика жана электротехника”,  “Социалдык илимдер”, “Табият таануу илимдери”, “Педагогикалык билим берүү”, “Саламаттыкты сактоо”, “Маданият жана искусство”, “Жер үстүндөгү транспорттордун техникасы жана технологиясы”, “Информатика жана эсептөө техникасы”, “Автоматташтыруу жана башкаруу”, “Тейлөө сферасы”, адистиктер: Түркология, Финансы (тармактар боюнча), Бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча), Салыктар жана салык салуу, Банк иши).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдар:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы.

Тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдар:

Жетектөөчү адис (жер жана мамлекеттик сатып алуулар маселелери боюнча):

Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдары.

Жетектөөчү адис (жарандардын кайрылуулары боюнча):

Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

Жетектөөчү адис (салыктар боюнча):

Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” мыйзамдары.

Адис (социалдык тармак боюнча):

Кыргыз Республикасынын “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө”, “Ветеринария жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” мыйзамдары.

Адис (жер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча):

Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдары.

Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.

көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Шамалдуу-Сай шаардык кенеши

Башкы кызмат орунуна (жооптуу катчы):

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим (“Экономика жана башкаруу”, “Гуманитардык илимдер”, “Табият таануу илимдери”, “Педагогикалык билим берүү”, “Айыл чарба жана айыл чарба илимдери”, “Архитектура жана курулуш”,“Автоматташтыруу жана башкаруу”, “Маданият жана искусство”, “Энергетика жана электротехника”, “Информатика жана эсептөө техникасы”).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдар:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана  муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”,  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдар:

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдары.

Кызматтык милдетти аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

билгичтиги:

-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

-түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

-коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

-өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;

-ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

көндүмдөр:

-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

— жеке арыз;

— резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү.

Документтерди кабыл алуу 2024-жылдын 13-майынан тартып 27-майына (кошуп эсептегенде) чейин жумуш күндɵрү тɵмɵнкү дарек боюнча жүргүзүлɵт: Шамалдуу-Сай шаары, Ленин кɵчɵсү, 28.