Социалдык кызмат көрсөтүү секторуна адис (М-Б)

Эмгек, калкты иш менен камсыз кылуу секторуна адис (М-Б)

 

Көндүмдөрү:

–   Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Кесиптик компетенттүүлүгү төмөнкүлөрдү билүү

– Кыргыз Республикасынын Конституциясы

– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси

– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик  жарандык кызмат  жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы  №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү Жобо

– Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

– Жеке арызы, резюме, өмүр баян

– Кадрларды эсепке алуу баракчасы

– Өздүк таржымал (Соттолбогондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен)

– 3*4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт

– Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт)

– Билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү

(көчүрмө нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек)

– Эгерде эмгек китепчеси болсо анын көчүрмөсү нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек

– кошумча билиминин квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтер, окумуштуулук наамы болсо көчүрмөсү

– жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипте жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт

 

Талапкерлерден документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде Чолпон-Ата ш. Совет көч. № 75А кабыл алынат кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү тел. кайрылыныздар (03943) 4-20-81 (факс), (03943) 4-30-30, 0708638040