• Ваканттык орун: Үй-бүлөөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнө Бөлүм башчы (С-А)
  • Кадрлар резервине: ҮКБК бөлүмүнө Башкы адис (Г-Б),

Калкты иш менен камсыздандыруу секторуна Жетектөөчү адис (М-А)

Кызмат ордуна  коюлуучу квалификациялык талаптар 

  • Жогорку билим; (социалогия, юриспруденция, журналистика ж.о)
  • Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

Көндүмдөрү:

  • Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу
  • Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү
  • Конфликттерди чечүү, маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо
  • Ɵз ишин жана бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу
  • мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү

            Кесиптик компетенттүүлүгү төмөнкүлөрдү билүү

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат  жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү Жобо
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы
  • Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнунда № 391 Токтому менен бекитилген “Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды жана үй-бүлөлөрдү аныктоонун тартиби жөнүндө” жобо.
  • Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартында № 125 Токтому менен бекитилген “Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу” жобо

 Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

— Жеке арызы, резюме, өмүр баян

— Кадрларды эсепке алуу баракчасы

— Өздүк таржымал (соттолбогондугу бар же жок экендиги ж-ө маалыматты көрсөтүү менен)

— 3*4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт

— Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт)

— Билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү

(көчүрмө нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек)

— Эгерде эмгек китепчеси болсо анын көчүрмөсү нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек

— кошумча билиминин квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтер, окумуштуулук наамы болсо көчүрмөсү

Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипте жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт

Талапкерлерден документтер 2025-жылдын 17-январдан 27-январдын саат 12-00 чейин Чолпон-Ата ш. Совет көч. № 75А кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү тел. кайрылыныздар (03943) 4-20-81 (факс), (03943) 4-30-30, 0708638040.