Жетектөөчү адис (М-А) Кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар Жогорку билим; (социалогия, юриспруденция, журналистика ж.о) Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес. Көндүмдөрү: Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү Кесиптик компетенттүүлүгү төмөнкүлөрдү билүү Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү Жобо Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат: – Жеке арызы, резюме, өмүр баян – Кадрларды эсепке алуу баракчасы – Өздүк таржымал (соттолбогондугу бар же жок экендиги ж-ө маалыматты көрсөтүү менен) – 3*4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт – Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт) – Билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (көчүрмө нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек) – Эгерде эмгек китепчеси болсо анын көчүрмөсү нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек – кошумча билиминин квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтер, окумуштуулук наамы болсо көчүрмөсү Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипте жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт Талапкерлерден документтер 2025-жылдын 7-апрелден – 18-апрелдин саат 12-00 чейин Чолпон-Ата ш. Совет көч. № 75А кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү тел. кайрылыныздар (03943) 4-20-81 (факс), (03943) 4-30-30, 0704329057. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын Ак-Суу райондук ветеринардык башкармалыгы Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик муниципалдык кызматынын орунуна ачык сынак жарыялайт: