Эльчибек Джантаевдин Курман айт майрамына карата куттуктоосу Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер! Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү! Кадырлуу жергиликтүү жамааттар! Сиздерди ыйык Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерге терең урматтоо менен ак тилектеримди жолдойм. Курман айт — ырайымдуулуктун, боорукерликтин, кечиримдүүлүктүн жана өз ара жардамдашуунун улуу баалуулуктарын даңазалаган ыйык майрам. Бул күндөрү ар бирибиз муктаждарга көмөк көрсөтүп, жакындарыбызга камкордук көрүп, коомдогу ынтымак менен биримдикти бекемдөөгө өз салымыбызды кошобуз. Сиздердин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы талыкпас эмгегиңиздер, ошондой эле жергиликтүү жамааттардагы жигердүү ишмердигиңиздер өлкөбүздүн туруктуу өнүгүшүндө өзгөчө мааниге ээ. Ар бир аткарган ишиңиздер — элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган жоопкерчиликтүү жана ардактуу кызмат. Бул ыйык майрам ар бир үй-бүлөгө тынчтык, береке, бакыт жана ынтымак алып келсин. Элибизде ар дайым биримдик өкүм сүрүп, мамлекетибиздин келечеги кең жана жарык болсун. Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм. Урматтоо менен, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Джантаев Жазуулар боюнча багыттоо КОРРУПЦИЯГА ЖОЛ ЖОК!