Балдар – жердин жандуу гүлдөрү

Бүгүн, 2-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Джантаевдин тапшырмасы менен агенттиктин кызматкерлери Москва районунун Петровка айылында жайгашкан “Родничок” балдар психоневрологиялык реабилитациялык борборуна барып, тарбиялануучуларды майрамы менен куттукташты.

Иш-чаранын алкагында агенттик тарабынан даярдалган белектер тапшырылып, балдарга майрамдык маанай тартууланды. Борбордогу тарбиялануучуларга таттуулар жана оюнчуктар берилсе, мекемеге кеңсе буюмдары менен принтер тапшырылды.

Борбордун эмгек жамааты көрсөтүлгөн көңүл буруу жана колдоо үчүн агенттиктин директору Эльчибек Джантаевге жана борбордук аппараттын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, балдарга камкордук көрүү багытындагы мындай демилгелер чоң мааниге ээ экенин белгилешти.

Белгилей кетсек, “Родничок” балдар психоневрологиялык реабилитациялык борбору республикалык маанидеги адистештирилген медициналык мекеме болуп саналат. Бул жерде 4 жаштан 14 жашка чейинки балдар кабыл алынып, борбордук нерв системасынын бузулууларын калыбына келтирүүгө багытталган комплекстүү дарылоо жана реабилитациялык кызматтар көрсөтүлөт. Учурда борбордо 30га жакын бала тарбияланууда.

50 орундуу стационар шартында балдар толук медициналык кароодон өтүп, ар бирине жекече реабилитациялык программа түзүлөт. Дарылоо процессине физиотерапия, массаж, логопед, дефектолог жана психолог кызматтары, ошондой эле атайын педагогикалык сабактар кирет.

Борбордо көрсөтүлгөн кызматтар толугу менен акысыз негизде жүргүзүлөт. Бул жерде негизинен социалдык жактан аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле балдар үйлөрүнүн, атайын интернаттардын жана жарым жетим балдардын тарбиялануучулары дарыланып, реабилитациядан өтүшөт.

 

 

wpChatIcon
wpChatIcon