Эльчибек Джантаев коргогон мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда колдоо тапты

2026-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Борбордун статусу жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө») өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун үч окууда колдоп, кабыл алды.

Мыйзам долбоорун Агенттиктин директору Эльчибек Джантаев коргоп, анын негизги максаты жергиликтүү бийлик органдарынын ишинин ачыктыгын жана калк алдындагы жоопкерчилигин жогорулатуу экенин белгиледи.

Кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, акимдер жана шаарлардын мэрлери жылына эки жолу — февраль–март жана ноябрь–декабрь айларында — жергиликтүү тургундар менен милдеттүү түрдө жолугушууларды өткөрүшөт.

Бул мыйзам жергиликтүү бийлик менен калктын ортосундагы байланышты бекемдөөгө, жарандардын маалымдуулугун жогорулатууга жана жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүүгө багытталган.