Эльчибек Джантаев Түркиянын Низип шаарынын мэри Али Доган мырза менен жолугушту Бүгүн Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Э.Н. Джантаев Түркия Республикасынын Газиантеп провинциясынын Низип шаарынын мэри Али Доган мырза баштаган расмий делегация менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-түрк элдеринин кылымдарды карыткан достугу, өз ара ишенимге негизделген стратегиялык кызматташтык жана эки өлкөнүн аймактары ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл Низип шаары менен Нарын шаарынын ортосунда түзүлгөн “бир тууган шаар” мамилелерин бекемдөөгө бурулду. Бул байланыштар соода-экономикалык, маданий жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө олуттуу өбөлгө түзөрү белгиленди. Жолугушууда ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндөгү реформалар, санариптештирүү процесстери, кадр саясатынын жаңылануусу жана ачыктык принциптерине негизделген мамлекеттик кызмат системасы тууралуу маалымат берилди. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформа (АТР) тууралуу кеңири маалымат берилип, анын максаты — аймактарды комплекстүү өнүктүрүү, башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну күчөтүү экени белгиленди. Эки тарап мындан ары да кызматташтыкты тереңдетүүгө, конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга жана өз ара пайдалуу демилгелерди колдоого кызыкдар экенин билдиришти. Кыргыз-түрк достугу мындан ары да бекемделип, жаңы деңгээлде өнүгө бермекчи. Elçibek Djantaev, Türkiye Cumhuriyeti Nizip Belediye Başkanı Sayın Ali Doğan ile bir araya geldi Bugün Bişkek şehrinde, Kırgız Cumhuriyeti Bakanlar Kurulu’na bağlı Devlet Hizmeti ve Yerel Öz Yönetim İşleri Devlet Ajansı’nın Direktörü, Türkiye Cumhuriyeti Gaziantep iline bağlı Nizip Belediye Başkanı Sayın Ali Doğan başkanlığındaki resmî heyet ile bir görüşme gerçekleştirdi. Görüşmede, Kırgız ve Türk halkları arasındaki köklü tarihi dostluk ilişkileri, karşılıklı güvene dayalı stratejik iş birliği ve iki ülke arasındaki bölgesel ilişkilerin geliştirilmesi konuları ele alındı. Özellikle Nizip ve Narin şehirleri arasında kurulan “kardeş şehir” ilişkilerinin güçlendirilmesine dikkat çekildi. Bu ilişkilerin ticari-ekonomik, kültürel ve yatırım alanlarında iş birliğinin genişletilmesi için önemli bir temel oluşturduğu vurgulandı. Ayrıca kamu ve belediye yönetimi alanında yürütülen reformlar, dijitalleşme süreçleri, insan kaynakları politikalarının yenilenmesi ve şeffaflık ilkelerine dayalı kamu hizmeti sistemi hakkında bilgi verildi. Bunun yanı sıra, Kırgız Cumhuriyeti’nde uygulanmakta olan İdari-Teritoryal Reform (ATR) hakkında kapsamlı bilgi sunuldu. Reformun temel amacının bölgelerin bütüncül kalkınması, kamu yönetiminin etkinliğinin artırılması ve yerel yönetimlerin güçlendirilmesi olduğu belirtildi. Taraflar, iş birliğinin daha da derinleştirilmesi, somut projelerin hayata geçirilmesi ve karşılıklı faydaya dayalı girişimlerin desteklenmesi konusunda karşılıklı isteklerini ifade ettiler. Kırgız-Türk dostluğu bundan sonra da güçlenerek yeni bir seviyede gelişmeye devam edecektir. Жазуулар боюнча багыттоо Агенттиктин мониторинг жана мыйзамдуулукту контролдоо бөлүмүнүн 2026-жылдын I-чейрегиндеги жыйынтыгы