2019-жылдын 14-мартындагы №39 “1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеништин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын, 2020-жылдын 28-февралындагы №20-820 Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшырмасын аткаруу максатында 2020-жылдын 9-мартында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директордун милдетин аткаруучу Б.Э. Сагынбаев тарабынан Улуу Ата Мекендик согушунун ардагерлерин колдоо боюнча иш-чаралар планы бекитилген.

Иш-чаралар планына ылайык, 2020-жылдын 19-мартында Нооруз майрамына карата ГКСтин Түндүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Н.Б.Алдаяров менен биргеликте Жети-Огуз районунун Тамга жана Жети-Огуз айыл аймактарынын өкмөт башчылары менен Улуу Ата-Мекендик согуштун ветерандары Баширов Хамиддин, Иназаров Тентимиштин жана Токтоназаров Амантурдун үй-бүлөөлөрүнө барып, майрамдары менен куттуктоо менен чакан белектер тапшырылган.