Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын кенже
административдик кызмат орунга кирүү үчүн кадрлар резервине конкурс
жарыялайт.
Кенже административдик кызмат ордуна (юрист-адис)
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
Жогорку билим – Юриспруденция, Укук таану адистиктери боюнча
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талаптар коюлбайт;
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
– Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө”;
– Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча
типтүү нускама 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
– Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси;
– Жарандык кодекс;
– Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамы
– Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757
токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;
– Билгичтиги:
Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
Документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу
даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана
практикада колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерди иштиктүү кат алышуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
– Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык
продуктуларды колдоно билүү.