Бакай-Ата  райондук ветеринардык башкармалыгы  Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын негизинде  улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт

 

Бакай-Ата  райондук ветеринардык башкармалыктын кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

–  административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобуна резервке;

–  административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кенже тобуна резервке.

 

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

2) 21 жаштан жаш болбоого;

3) Соттуулугу жок:

4) Мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

 

Административдик мамлекеттик улук кызмат тобунун квалификациялык талаптар (башкы инспектор)

 

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

-Ветеринария багыты боюнча айыл чарба тармагындагы жогорку кесиптик билим ;

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

—  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3  жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • “Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актылары жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» мыйзамы
  • Кыргыз Республикасынын “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамы
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ишкердик субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 29.01.2018-ж. №56 токтому.
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Эпидемиялык коркунучу жогорку объекттерде ишкердик субъекттерине пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүдө коркунучтарды баалоо критерийлери жөнүндө” 26.10.2011-ж.  №679 токтому .

Билгичтиги:

  • Өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • Ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу.

Көндүмдөрү:

  • Бизнес жазуу көндүмдөрү;
  • белгилүү бир чөйрөдөгү иш-аракеттерди талдоо жана болжолдоо, пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;
  • башкаруу көндүмдөрүн, компьютерди жана башка оргтехниканы, ошондой эле керектүү программалык камсыздоону колдонуу.

 

 

Административдик мамлекеттик кенже кызмат тобунун квалификациялык талаптар (инспектор)

 

  1.Кесиптик билимдин деңгээли:

-Айыл чарбасы тармагындагы ветеринария багыты боюнчажогорку кесиптик билим;

  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндө» мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын «Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын «Жаныбарларды жана жаныбарлардын алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө» мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы №56 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун.

Билгичтиги:

  • өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу.

Көндүмдөрү:

  • белгилүү бир чөйрөдөгү иш-аракеттерди талдоо жана болжолдоо, пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;
  • башкаруу көндүмдөрүн, компьютерди жана башка оргтехниканы, ошондой эле керектүү программалык камсыздоону колдонуу;
  • иштиктүү байланыштын ыкмаларын өздөштүрүү жана жолугушууларды, чогулуштарды өткөрүү.

 

 

Административдик мамлекеттик кенже кызмат тобунун квалификациялык талаптар (адис)

 

  1.Кесиптик билимдин деңгээли:

  • каалаган профилдеги жогорку кесиптик билим;
  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Предметтик мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамы ;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамы;

Билгичтиги:

  • өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу.

Көндүмдөрү:

  • белгилүү бир чөйрөдөгү иш-аракеттерди талдоо жана болжолдоо, пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;
  • башкаруу көндүмдөрүн, компьютерди жана башка оргтехниканы, ошондой эле керектүү программалык камсыздоону колдонуу;
  • иштиктүү байланыштын ыкмаларын өздөштүрүү жана жолугушууларды, чогулуштарды өткөрүү.

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

 

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди жарыя  чыккан күндөн баштап 10 календарлык күндүн  ичинде саат 8-30 дан  17:30 га чейин төмөндөгү дарекке тапшыруу керек: Бакай-Ата айылы, Шапак көчөсү № 75. Сурап билүү телефондор: (03457) 32307, 0703617300.