Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына 1.Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку төмөндөгү багыттар боюнча: архитектура жана курулуш, геодезия жана жерге жайгаштуруу, геология, пайдалуу кен байлыктарды чалгындоо жана кайра иштетүү, техносфералык коопсуздук, гидрометеорология, геофизика жана гидрогеология, техникалык илимдери, табият таануу илимдери, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу, информатика технологиялары. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3. Кесиптик компетенттүүлүгү: 3.1. Төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзамдар: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому; 4).Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Мыйзамы; 7)2017-жылдын 19-июлундагы Электрондук башкаруу жөнүндө Мыйзамы Предметтик мыйзамдар: 1)Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамы; – 2)2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө» токтому; 3)2019-жылдын 6-майындагы № 212“Аймактарды топторго, уюмдарды – Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому; 4)2019-жылдын 6-майындагы №213“Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому; 5)2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому; 6)2019-жылдын 23-октябрындагы № 569 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”токтому; 7)2019-жылдын 19-февралындагы №58“Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому; 8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти жөнүндө жоболору. 3.2.Билгичтиги: – ГИС технология, Adobe Photoshop, Corel Draw, Internet программалары боюнча билими-жабдуулар менен иштөө жөндөмдүүлүгү; – компьютердик картографиялык иштерди жүргүзүү, топографиялык карта менен иштөө билими; – демилгелүү, жоопкерчиликтүү, командада иштөө жөндөмү болушу зарыл. 3.3.Көндүмдөрү: -аналитикалык жана стратегиялык документтерди маалыматтарды түзүү, презентация кылуу; -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү. Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл: – жеке арыз; – жеке эсепке алуу баракчасы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен); – өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү; – эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо); – паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлүшү керек); – соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө справка. Сынакка катышууну каалаган талапкерлер документтин толук топтомун электрондук форматта “Е-Kyzmat” (https://kyzmat.gov.kg) мамлекеттик порталынын жеке кабинети аркылуу же документтер папкага салынып толук версиясы менен 2025-жылдын 11-декабрынан 31-декабрына чейин Бишкек шаары, Жумабек көчөсү101/1, №206 кабинет дарегиндеги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти саат 9:00дөн 18:00гө чейин кабыл алат. Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылыңыз: +996 221 89 09 89, +996 990 112 912 Кадр жана иш кагаздарды жүргүзүү боюнча башкы адис Б.Мавлянова. ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын региондук башкармалыктарына