Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айыл окмотуно Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык, айыл окмотуно кенже кызмат орундарына (аскердик катоо столунун инспектору ) ички кадрлар резервин түзүү боюнча ачык конкурс жарыялайт.

1) кесиптик билимдин деңгээли:
— тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (гуманитардык, экономика жана башкаруу, айыл чарбасы, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, педагогикалык ) .
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамы,
— КР “Жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жана альтернативдик кызматты өтөө жөнүндө” Мыйзамын.
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;
— билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттикжана/же расмийтилдерде иштиктүү кат алышуу;
командадаиштөө;
— көндүмдөрү:
Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
Компьютердик жана уюштуруу техникасын,
зарыл болгон программалы кпродуктуларды колдоно билүү.
Проектилер менен иш алып баруу

Конкурска катышууга керектүү документтердин тизмеси:
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди жөнөтүүгө тийиш:
1. жеке арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндөгү маалыматтарды көрсөтүү менен), резюме, фотосүрөт;
2. паспорттун көчүрмөсү;
3. тиешелүү адистик боюнча жогорку билимин, иш стажы жана квалификациясын аныктаган документтер (нотариалдык жактан же иштеген жери боюнча персоналдарды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин, жогорку билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтердин, окумуштуулук даражасы жана окумуштуулук наамы тууралу дипломдорунун көчүрмөсү);
4. сунуштама каттар кошумча тиркеме катары тиркелсе да болот;
жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт.

Документтерди жарыя чыккан күндөн тартып он күн ичинде Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айыл окмотундө, Кадыраалы айылы Н. Кулназаров көч № 71 кабыл алынат. Тел 0708 072659