2022-жылдын 26-апрелинде Консультативдик эксперттик кеңештин жыйыны болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 95 буйругу менен Агенттиктин алдында Консультативдик эксперттик кеңеш түзүлгөн.

Аталган Эксперттик кеңештин курамына тиешелүү министрлердин орун басарлары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өркүндөтүүгө чоң салымы тийген ардагерлер, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө багытталган долбоорлордун жетекчилери жана көз карандысыз эксперттер киргизилген.

2022-жылдын 26-апрелинде Эксперттик кеңештин биринчи жыйыны болуп өтүп, күн тартибинде үч маселе каралды:

  1. Консультативдик эксперттик кеңешинин 2022-жылга карата
    иш-планынын долбоору жөнүндө;
  2. Жергиликтүү райондук кеңештердин типтүү регламентинин долбоору жөнүндө;
  3. Географиялык обьекттерди адамдардын аты менен атоодо тандап алуунун критерийлери.

Жыйынтыгында Эксперттик кеңештин мүчөлөрү тарабынан сунуштар берилип, тиешелүү чечим кабыл алынды.