Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты кадрлар резервине  кирүү үчүн  ачык конкурс жарыялайт

 

Административдик кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже тобуна кадрлардын резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурс жарыялайт.

ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ  КОЮЛГАН  КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК  ТАЛАПТАР:

1.Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орду төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

  1. кесиптик билимдин деңгээли: 

—      тиешелүү багыттагы жогорку билим;

  1. иш стажы жана тажрыйбасы:

—    мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан             3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес;

Негизги тестирлөө үчүн төмөнкү укуктук ченемдик актыларды милдеттүү түрдө билүү:

—    Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

— «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

—    Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

—  Кыргыз Республикасынын  «Жарандарынын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын  «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын  «Ченемдик укуктук актылар жөнүндө» Мыйзамы;

—  Кыргыз Республикасынын  «Кызыкчылыктардын  кагылышуусу  жөнүндө» Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын  «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн   2022-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө».

Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик актыларды милдеттүү түрдө билүү:— Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»  Мыйзамы;- Кыргыз Республикасынын  «Мамлекеттик чек арасы жөнүндө» Мыйзамы;- Кыргыз Республикасынын  «Мамлекттик тил жөнүндө» Мыйзамы;- Кыргыз Республикасынын «Административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө» Мыйзамы;- Кыргыз Республикасынын  “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;- Кыргыз Республикасынын «Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамы. II. Улук топтогу административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:1.    кесиптик билимдин деңгээли:—       тиешелүү багыттагы жогорку билим;2.    иш стажы жана тажрыйбасы:—    мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

Негизги тестирлөө үчүн төмөнкү укуктук ченемдик актыларды милдеттүү түрдө билүү:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

— Кыргыз Республикасынын  «Жарандарынын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын  «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

—  Кыргыз Республикасынын  «Ченемдик укуктук актылар жөнүндө» Мыйзамы;

—  Кыргыз Республикасынын  «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө»  Мыйзамы;

—  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө».

Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик актыларды милдеттүү түрдө билүү:-Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»  Мыйзамы;-  Кыргыз Республикасынын «Өзгөчө абал жөнүндө» Конституциялык Мыйзамы;- Кыргыз Республикасынын  «Мамлекеттик тил жөнүндө» Мыйзамы;- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө» Мыйзамы.

III. Кенже топтогу административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

  1. кесиптик билимдин деңгээли:

—       мамлекеттик жарандык кызматчылар үчүн — тиешелүү багыттагы жогорку билим;

  1. иш стажы жана тажрыйбасы:

—     иш стажына талаптарды койбостон;

Негизги тестирлөө үчүн төмөнкү укуктук ченемдик актыларды милдеттүү түрдө билүү:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

—  Кыргыз Республикасынын  «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө».

Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик актыларды милдеттүү түрдө билүү:

-Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»  Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын  «Ички иштер органдары жөнүндө» Мыйзамы;

-«Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР ТАПШЫРЫЛАТ:

  • Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына мамлекеттик кызматтын тобун көрсөтүү менен жазылган жеке арыз;
  • Резюме (электрондук почта жана телефон номерин көрсөтүү менен);
  • Өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги  жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөсү;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  • илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
  • Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).
  • Документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 8-августунан 19-августун кошуп санаганда саат  30дан 17.30га чейин   жүргүзүлөт.

Дареги: Жалал-Абад шаары, Эркиндик көчөсү11,  3-кабат, 302-кабинет,

тел. (03722) 2-16-40