Жошолу  айыл өкмөтү  кенже топтогу муниципалдык  бош кызмат ордуна кабыл  алуу максатында  ачык сынак жарыялайт:

 

 

            Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат оруну:

 

 

                 Адис – маалымат компьютердик технологиялар боюнча  

(1 штаттык бирдик)

 

— Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим же орто кесиптик билим — Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар адистиктери боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында

— Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт;

 

Кенже топтогу  – муниципалдык кызмат ордуна конкурска катышуучулар

төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

—          Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

—          Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө;

 

Тиешелүү тармактагы мыйзамдар (предметтик тест):

—          Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн  2020-жылдын 03-мартындагы  № 120  токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”

—          Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

 

 

 

           Сынакка  катышуу  үчүн  талап  кылынуучу  документтер:

  • Жеке арыз;
  • Паспорттун көчүрмөсү;
  • Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
  • Өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен колу менен жазы
  • луусу шарт)
  • Эмгек китепчесинин  көчүрмөсү (эгерде  мурда  иштеген  болсо, нотариустан  тастыкталган  болуу  керек)
  • Илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү (эгерде бар болсо);
  • ¾ өлчөмүндөгү  2 фото  сүрөт;
  • Дипломдун көчүрмөсү (нотариустан  тастыкталган)
  • Кадрларды эсепке  алуу  баракчасы;
  • Конверт 1 даана, дело  1 даана;

 

Документтер  жарыя   жарыяланган  күндөн  тартып  10 календарлык  күндүн  ичинде  кабыл  алынат. Квалификациялык  талаптарга  жооп  берген  талапкерге  сынактын  мөөнөтү  жана  орду  жөнүндө  кошумча  маалымат  берилет.

Документтерди  кабыл  алуу  Жошолу  айыл  өкмөтүнүн имаратында  жүргүзүлөт.

Сурап  билүү  телефондору :    0-32-34-6-02-16.   0556 55 91 44.  0702 133 533.

Эскертүү:

  • Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт;