Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин жана Россия Федерациясынын Президенттик академиясынын башчылары кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту
2024-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А. У. Жапаров башында турган Өкмөттүк делегациянын расмий сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору К.Базарбаев Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россия эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат академиясынын ректору А. Комиссаров менен эки тараптуу кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол койду.
Кол коюлган Меморандум кызматташуунун конкреттүү багыттарын камтып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылары үчүн биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруусу, жыл сайын 50дөн кем эмес мамлекеттик кызматчылардын квалификациясын жогорулатуусу, кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну камсыз кылуусу (2025 – жылдан баштап), шаарлардын мэрлеринин, райондук мамлекеттик администрация башчылары — акимдердин квалификациясын жогорулатуу жана ошондой эле, тараптардын ортосунда тажрыйба алмашуу, биргелешкен билим берүү, илимий, маданий иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүүсү каралган.
Меморандумга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды Россия Федерациясынын Президенттик академиясында магистрдик жана доктордук программалар боюнча окутуу каралган.