Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппараттын жана аймактык бөлүнүштөрүнүн административдик кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже топторуна кадрлар резервине ачык конкурс жарыялайт:
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арыз;
— кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
— сүрөтү менен резюме (тел номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);
— автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
— окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү.
Конкурска катышкан адамдар сунуштама каттарын кошумча тапшыра алышат.
Конкурска катышуу үчүн документтер көктөлүп жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Адам ресурстары башкаруу жана уюштуруу бөлүмүнө төмөнкү дарек боюнча берилиши керек: Бишкек ш., Н.Исанов көч., 42, 305-кабинет.
Документтер 2025-жылдын 15-майынан тартып 29-майга чейин (28-май — кабыл алуунун акыркы күнү) иш күндөрү саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин кабыл алынат. Кошумча маалымат (0312) 31 43 94 телефону жана КР ТКМ www.mtd.gov.kg жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин www.mkk.gov.kg расмий сайттарында.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга ачык конкурска катышууга жол берилбейт.
Квалификациялык талаптар:
Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:
• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
• Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү.
Административдик мамлекеттик башкы кызмат орундары үчүн:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6)“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7)“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9)“Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
10)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
— Кызматтык милдеттерин аткаруу учун зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
— Компьютердик жана уюштуруу техниканы колдоно билүү.
Административдик мамлекеттик улук кызмат орундары үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
– Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
– Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү.
Административдик мамлекеттик кенже кызмат орундары үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
Багыттар боюнча предметтик мыйзамдарды билүү:
Юридикалык багытта башкы кызмат орундарынын тобуна
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— гуманитардык илимдер тармагында юриспруденция багыты боюнча жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Билимдери:
Иш чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары анын ичинен:
— Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын:
Кыргыз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси 2022-жылдын 31-майындагы № 171.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн / Министрлер Кабинетинин токтомдору:
— 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти;
— 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жобо.
3.2. Билгичтиги:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
— өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
3.3. Көндүмдөрү:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;
— сот жана мамлекеттик органдарда министрликтин кызыкчылыктарын коргоо.
Маалыматтык саясат багытында улук кызмат орундарынын тобуна
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— журналистика, филология, лингвистика, жарнак жана коомчулук менен байланыш жаатында жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Билимдери:
Иш чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары анын ичинен:
— Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын:
Кыргыз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси 2022-жылдын 31-майындагы № 171;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
Массалык маалымат каражаттары жөнүндө, Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө, Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө, Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө, Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө.
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/Министрлер Кабинетинин токтомдору:
— 2004-жылдын 15-январындагы № 20 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органынын басма сөз кызматы жөнүндө типтүү жобо;
— 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жобо.
3.2. Билгичтиги:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— иш алып барып жаткан тармактын көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө;
— өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
— ММК үчүн иш-чараларды пресс-конференцияларды, брифингдерди, жолугушууларды жана интервьюларды уюштуруу жана өткөрүү;
— ведомствонун ишин маалыматтык камсыздоону уюштуруу;
-ведомствонун web-сайтын (порталын) толтуруу жана тексттер менен кесипкөй иштөө.
3.3. Көндүмдөрү:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин сактоо жана кеңешмелерде, жолугушууларда өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Жол-транспорт коопсуздук чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн улук кызмат орундарынын тобуна (иштеген жери Бишкек ш, Талас обл)
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— Транспорттук техника жана технология тармагында төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: жер үстүндөгү транспорттук-технологиялык машиналар жана комплекстер, транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо, транспорттук процесстердин технологиясы, темир жолдорунун кыймылдуу курамы; инженер-электрик; аскердик жана административдик башкаруу; кемелерди куралдандыруу; Жерде жүрүүчү транспортту эксплуатациялоо тармагында: автомобилдер жана автомобиль чарбасы, транспорттук жана технологиялык машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана тейлөө (тармактар боюнча); Транспорттук курулуш тармагында: темир жолдорду куруу, жол жана жол чарбасы, автомобиль жолдору жана аэродромдор; Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу тармагында: ташууларды уюштуруу жана транспортто башкаруу (түрлөрү боюнча), Курулуш тармагында: өнөр жай жана жарандык курулуш; Гуманитардык илимдер тармагында: юриспруденция.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Билимдери:
Иш чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары анын ичинен:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынан:Кыргыз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси 2022-жылдын 31-майындагы № 171.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, Автомобиль транспорту жөнүндө, Темир жол транспорту жөнүндө, Автомобиль жолдору жөнүндө, Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө, Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/Министрлер Кабинетинин токтомдорун:
2013-жылдын 3-майындагы № 239 Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу;
1999-жылдын 11-майындагы № 249 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы суу транспорту боюнча мамлекеттик инспекциянын маселелери;
2016-жылдын 11-апрели № 198 Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө;
2016-жылдын 15-ноябрындагы № 587 Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө;
2012-жылдын 18-февралы № 108 Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө;
2018-жылдын 29-январы № 56 Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу;
2021-жылдын 1-июлундагы № 55 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө.
— Бажы бирлигинин техникалык регламенттери:
Автомобиль жолдордун коопсуздугу жөнүндө (TР ТС 014/2011), Дөңгөлөктүү унаалардын коопсуздугу жөнүндө (ТР ТС 018 / 2011), Кичинекей кемелердин коопсуздугу жөнүндө (TР ТС 0026 / 2012), Айыл чарба жана токой чарбасынын тракторлорунун жана чиркегичтердин коопсуздугу жөнүндө (ТР ТС 031/2012), Темир жолдун кыймылдуу курамынын коопсуздугу жөнүндө (TР ТС 001/2011), Темир жол транспортунун инфраструктурасынын коопсуздугу жөнүндө (TР ТС 003/2011).
3.2. Билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
3.3. Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Жол-транспорт коопсуздук чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүнүн кенже кызмат орундарынын тобуна (иштеген жери Бишкек ш, Ысык-Көл обл.,Ош обл. )
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
Кесиптик билимдин деңгээли:
— Транспорттук техника жана технология тармагында төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: жер үстүндөгү транспорттук-технологиялык машиналар жана комплекстер, транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо, транспорттук процесстердин технологиясы, темир жолдорунун кыймылдуу курамы; инженер-электрик; аскердик жана административдик башкаруу; кемелерди куралдандыруу; Жерде жүрүүчү транспортту эксплуатациялоо тармагында: автомобилдер жана автомобиль чарбасы, транспорттук жана технологиялык машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана тейлөө (тармактар боюнча); Транспорттук курулуш тармагында: темир жолдорду куруу, жол жана жол чарбасы, автомобиль жолдору жана аэродромдор; Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу тармагында: ташууларды уюштуруу жана транспортто башкаруу (түрлөрү боюнча), Курулуш тармагында: өнөр жай жана жарандык курулуш; Гуманитардык илимдер тармагында: юриспруденция.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— Иш стажы талап кылынбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Билимдери:
Иш чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары анын ичинен:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынан:
Кыргыз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси 2022-жылдын 31-майындагы № 171.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, Автомобиль транспорту жөнүндө, Темир жол транспорту жөнүндө, Автомобиль жолдору жөнүндө, Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө, Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/Министрлер Кабинетинин токтомдорун:
2013-жылдын 3-майындагы № 239 Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу;
1999-жылдын 11-майындагы № 249 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы суу транспорту боюнча мамлекеттик инспекциянын маселелери;
2016-жылдын 11-апрели № 198 Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө;
2016-жылдын 15-ноябрындагы № 587 Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө;
2012-жылдын 18-февралы № 108 Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө;
2018-жылдын 29-январы № 56 Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу;
2021-жылдын 1-июлундагы № 55 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө.
— Бажы бирлигинин техникалык регламенттери:
Автомобиль жолдордун коопсуздугу жөнүндө (TР ТС 014/2011), Дөңгөлөктүү унаалардын коопсуздугу жөнүндө (ТР ТС 018 / 2011), Кичинекей кемелердин коопсуздугу жөнүндө (TР ТС 0026 / 2012), Айыл чарба жана токой чарбасынын тракторлорунун жана чиркегичтердин коопсуздугу жөнүндө (ТР ТС 031/2012), Темир жолдун кыймылдуу курамынын коопсуздугу жөнүндө (TР ТС 001/2011), Темир жол транспортунун инфраструктурасынын коопсуздугу жөнүндө (TР ТС 003/2011).
3.2. Билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө:
3.3. Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.