Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик
Дареги: Бишкек шаары, Чүй пр. 122, тел.: 62-04-05, Факс 62-03-10, Ишеним телефону: 66-03-39, WhatsApp 0990774430. Email: gagsmsu@gmail.com
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 7-февралындагы №37 буйругуна 4-тиркеме
Мониторинг жана мыйзамдуулукту көзөмөлдөө бөлүмүнүн
ЖОБОСУ
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин (мындан ары – Агенттик) Мониторинг жана мыйзамдуулукту көзөмөлдөө бөлүмүнүн (мындан ары – бөлүм) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт, анын түзүмдүк жана аймактар аралык башкармалыктар менен өз ара мамилелери боюнча иш жүргүзөт.
– мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүү;
– Агенттиктин ишинде мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу;
– мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине функционалдык талдоо жүргүзүү;
– Агенттиктин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;
– мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу;
– мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылуу.
– мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат;
– мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо боюнча ишине мониторинг жүргүзүү;
– мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматкерлердин, жеке жана юридикалык жактардын арыздарын жана даттанууларын карайт;- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларга карата кызматтык иликтөөлөрдү жүргүзүүдө, ошондой эле мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышы боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүдө ведомстволор аралык жумушчу топтордун жана комиссиялардын ишине катышат;- Агенттиктин кызматтык иликтөөлөрүнө катышат;- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды камсыз кылуу жана сактоо бөлүгүндө соттордо өкүлчүлүк кылат;- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топторго катышат; – “коомдук кабылдаманын” жана “ишеним телефонунун” ишин камсыз кылат; – мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жарандарга мамлекеттик кадр саясаты, мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу институтунун иштеши маселелери боюнча консультациялык, методикалык жана маалыматтык жардам көрсөтөт.
– мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын сакталышын контролдоо;
– мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка уюмдардан милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроо;
– мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мыйзамдарды бузуу менен кабыл алынган чечимдерди жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө мамлекеттик органдарга сунуш киргизүүгө;
– Агенттиктин жетекчилиги өткөрүүчү кеңешмелерге, зарыл болгон учурда түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөр тарабынан чакырылган жана уюштурулган кеңешмелерге жана башка иш-чараларга катышуу;
– Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл жана түзүмдүк бөлүмдөр менен бирдикте Агенттиктин ишинде мыйзамдардын сакталышын камсыз кылууга багытталган иштерди жүргүзөт;
– Агенттиктин кызмат адамдарынан бөлүмдүн милдеттерин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон документтерди, маалыматтарды, маалымкаттарды, эсептөөлөрдү жана башка маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
– мыйзам бузууларды четтетүү, мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдардын жана Агенттиктин Регламентинин аткарылышын камсыз кылбаган же бузган түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерин жана башка кызматкерлерди жоопкерчиликке тартуу боюнча Агенттиктин жетекчилигине сунуштарды киргизүүгө;
– жарандарды кабыл алат, өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча келип түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды карайт, алар боюнча зарыл чараларды көрөт.
– алардын ишинин натыйжалары жана натыйжалуулугу;
– функционалдык милдеттерин аткарбоо;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин этика Кодексин бузуу.