Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы кадрлардын резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар: Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн: 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; 3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»; 4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»; 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн: 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; • Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, «TOKTOM Mamleket Pro» маалыматтык-укуктук системасы). Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим – Финансылык экономикалык, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – Төмөнкүлөрдү билүү: – жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: – Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; – Кыргыз Республикасынын Салык кодекси; – Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамдары. – “Билим берүү жөнүндө”; – “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө”; – “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзамдары. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө – ” № 120 токтому; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти жөнүндө” №233 токтому. – Билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына көнүү; – Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. – электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү; – издөө системаларын колдонуу; – ар кандай браузерлер менен иштөө; – презентацияларды уюштуруу; – таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө маалыматтарды берүүгө; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууга; – кесиптик этиканын нормаларын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө; – оргтехника менен иштөө: көчүрмө машиналар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс. Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим – Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талап коюлбайт; 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – Төмөнкүлөрдү билүү: Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: – Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”; – “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”. – Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; – “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамдары. – Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”; – “Билим берүү жөнүндө”; – “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө”; – “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзамдары. – Билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына көнүү; – Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. – электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү; – издөө системаларын колдонуу; – ар кандай браузерлер менен иштөө; – презентацияларды уюштуруу; – таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө маалыматтарды берүүгө; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууга; – кесиптик этиканын нормаларын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө; – оргтехника менен иштөө: көчүрмө машиналар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс. Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек: – өздүк арыз; – өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – резюме сүрөтү жана электрондук почтаны көрсөтүү менен; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт). Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат. Арыз берүүнүн мөөнөтү 2022-жылдын 18-майынан баштап 28-майына чейин. Сынакка катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Базар-Коргон шары, Б.Осмонов көчөсү 170. (Персонал менен иштөө бөлүмү), сурап билүү тел: 03736 5-01-40, 5-00-10. ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт. Жазуулар боюнча багыттоо Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики Министерство культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики