КР ӨКМине караштуу “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” кызматынын өндүрүш-техникалык бөлүмүнүн кенже кызмат ордуна
- Кенже админитративдик кызмат орундарынын топтору үчүн (К-Б) (Борбордук аппарат):
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: гидромелиорация, гидротехникалык курулуш жана курулуш
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт
- Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Суу жөнүндөгү”;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндөгү жобосу” жана “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» кызматы жөнүндөгү жобосу”;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”
3.2.Билгичтиги:
— курулмаларды жана курулуштарды техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү;
— курулмаларды тейлөө жана эксплуатациялоо жумуштарын алып бааруу;
— оңдоо жана курулуш жумуштарын так көрсөтүүчү анализди даярдоо (айлык, кварталдык, жылдык эсептелөөр жана графиктери менен)
— дефектный акты түзүү;
— чийме чийүү
3.3. Көндүмдөрү:
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— СНиПтар жана ченемдик документтер негизинде аш алып баруу;
— геодезиялык инструменттерде иштөө, тиешелүү жайларды сүрөткө түшүрүү
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
- Арыз (бош кызмат орунун так аталышы менен), резюме;
- Өмүр баян;
- Өздүк баракча сүрөтү менен;
- Паспортунун же өздүктү күбөлөндүргөн документтинин көчүрмөсү;
- Эмгек китепчисинин көчүрмөсү, кесиптик билиминин, илимий даражасын же илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.
Документтерди сынак жарыяланган күндөн тартып 10-жумушчу күнүнөн кечиктирбестен кадрлар бөлүмүнө тапшыруу керек.
Дарек: Ош шаары, Муминова көчөсү,11; 1этаж, 13 кабинет, телефон: 0555112695