Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн: -жогорку билим: гуманитардык, социалдык, табигый илимдер, техникалык, мугалимдик кесиптер, экономика жана башкаруу; -мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн: — жогорку билим; гуманитардык, социалдык, табигый илимдер, техникалык, мугалимдик кесиптер, экономика жана башкаруу; — иш стажы талап кылынбайт. Улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесстик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн: «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Балдар жөнундө Кодекси «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кенже административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесстик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн: «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Балдар жөнундө Кодекси «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат: жеке арызы; резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны (сот жообуна тартылбагандыгы жөнүндө маалымдама); негизги жана кошумча билимин ырастоочу документтерин мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү; эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтеринин (бар болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү; паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт) Документтер 2023-жылдын ноябрь айынын 9 нан – 17- ноябрына чейин саат 8.30-17.30 чейин кабыл алынат. Кайынды шаары, Садовая №7 көчөсү, Панфилов райондук эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына тапшырылууга тийиш. Сурап билүү байланыш номер: 0(3137) 51-2-45, 51-9-81 Жазуулар боюнча багыттоо Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл өкмөтү Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгы