Манас райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт: Манас райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт: – бош административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук жана кенже кызмат тобун ээлөөгө. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек: 1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;; 2) 21 жаштан жаш болбоого; 3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө. Административдик мамлекеттик жарандык улук кызмат орундары үчүн У-А, У-Б (жалпы мыйзамдарды билүү) негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; 5) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; 6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Административдик мамлекеттик жарандык кенже кызмат орундары үчүн К-А, К-Б (жалпы мыйзамдарды билүү) негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. 1. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн 1 орун («Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо» бөлүмүнүн адиси): 1). Кесиптик билим деӊгээли: – жогорку билим: гyманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер. 2). Иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талаптарды койбостон. 3). Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүүсү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды: 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; 4. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси; 5. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы; 6. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди. – билгичтиги : – жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; – документтерди, маалыматтарды, суроо – талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу; – кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо; – жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; – мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; – командада иштөө. – Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: – өзүнүн арызы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), – өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү(иш стажы бар болсо) ; – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт). Белгиленген талаптарга туура келген документтерди жана маалыматтарды 2024-жылдын 15-мартынан баштап 29-мартына чейин саат 9-30 дан 17-00го чейин тапшыруу керек. Дареги: Манас району, Покровка айылы, К.Жаманкулов көчөсү №123, Манас райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, телефон: (03459) 2-25-43, мобилдик номер: 0701131360. Жазуулар боюнча багыттоо Талас райондук мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Талас облустук статистика башкармалыгы