Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Жогорку соттун аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын маалымат-технологиялар бөлүмүнүн башчысы кызматына (Б-А)
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
-өзүнүн арызы;
-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билими (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
-илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
-паспорттун көчүрмөсү.
Документтерди кабыл алуу 2024-жылдын 5-июну саат 17.30га чейин жүргүзүлөт.
Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек.
Башкы административдик кызмат ордуна (бөлүм башчы)
Кесиптик билиминин деңгээли, стажы:
-маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш жаатында же чектеш облустарда жогорку техникалык билим;
-мамлекеттик кызмат стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес.
Төмөнкү ченемдик укуктук актыларды билүү:
— Кыргыз Республикасынын конституциясын;
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө”
Конституциялык Мыйзамын;
— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;
— Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамын;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
— Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын;
— Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамын;
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамын;
— Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасын;
Предметтик:
-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Конституциялык Мыйзамын;
-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” конституциялык Мыйзамын;
-Кыргыз Республикасынын “Электрондук документ жана электрондук цифралык колтамга жөнүндө” Мыйзамын;
-Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамын;
-Кыргыз Республикасынын “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №762-токтому менен бекитилген “Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо” Талаптарын;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы “Мамлекеттик маалыматтык системалар менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө” №744- токтомун;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча
кечиктирилгис чаралар жөнүндө” 2020-жылдын 17-декабрындагы ПЖ №64 Жарлыгын;
-Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын 2016-жылдын 30-декабрындагы №233-буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунда жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда отурумдарды жана соттук актыларды жарыялоо тартиби жөнүндө” Жобосун;
-«Суд» Автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө» Жобосун;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин “Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө” 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 27 Жарлыгын;
-“Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппараты жөнүндө” Жобосун;
-Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын буйругу менен бекитилген кызматтык нускамасын;
-адам ресурстарын башкаруу жаатында мыйзамдарын;
-кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
-Билгичтиги:
-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
-бөлүмдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоокерчилик тартуу;
-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
-коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
-өзүнүн ишин жана бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
-ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
Көндүмдөрү:
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
-бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, жетекчиликтин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаны формаларын жана методдорун издөө);
-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларда тажрыйбада колдонуу;
-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктууларды колдоно билүү.
Тандоого катышууну каалаган адамдар арызын жана документтерин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна: Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205 дареги боюнча 107-кабинетке тапшыра алышат.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон боюнча кайрылууга болот:
0312 66-15-13 (кадрлар бөлүмү).